Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

ПЕНТАГОН ПАКИСТАНДАГЫ УРУУ ЖАСАКТАРЫНА ЖАРДАМДАШАТ


Пентагон талиптер менен “ал-каидачыларга” каршы күрөшкө Пакистандагы жергиликтүү урууларды тартууну көздөп жатат. Бул максат үчүн атайын программа түзүлүп бүтүп калганын АКШ коргоо министрлигинин өкүлү ырастады. Эгер план жактырылса, Ооганстанга чектеш аймактарда жашаган уруулар менен тайпалардын куралдуу отряддарын машыктыруучу лагер түзүлөт, байкоо пункттары курулат жана аларга атайын жабдуу-жарактар жөнөтүлөт.

Пакистандын чекара аймактарында байырлаган жергиликтүү уруулар менен тайпалардын аскерлештирилген отряддары 60 миңден ашат. Алардын 14 жасагы түндүк-батыш провинцияларда, 13ү Белужистанда. Ар бир жасактын өз башчылары бар,бирок баары Пакистан армиясынын Башкы штабына жана Мамлекеттик министрликке баш иет.

Пентагондун өкүлү адмирал Жефф Моррелл аталган аймактарда козголоңчуларга каршы күрөштө Пакистан армиясына караганда жергиликтүү жасактар менен кызматташкан кыйла натыйжалуу болот деп эсептейт. Биринчиден, мындай отряддарга тайпа же уруу башчылары бекем ишенет, экинчиден, аларга жалаң жергиликтүү тургундар кызматка алынат, демек, алар өз жериндеги шарт-шараятты, жагдай-кырдаалды, кимдин-ким экенин, өзбү-жатпы, мунун баарын беш колдой билишет.

Мына ушундан улам Пентагон Ооганстанга чукул райондун биринде быйылкы финансы жылында эле машыктыруучу аскерий борбор ачкысы келет. Бу борбордо бир жыл ичинде тайпа жасакчыларынын төрт батальонун жатыктырып, аларды заманбап жабдуу-жарактар менен камсыз кылса болот. Мындан тышкары чекара бойлоруна байкоочу пункттар курулса, ары-бери өткөндөрдү, айрыкча жалданма жоокесептердин кыймылын кылдат көзөмөлдөп, эсеп-чотун алып турганга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул пландарды жүзөгө ашыруу үчүн Пентагон конгресстен 97 миллион доллар каражат сураганы жатат. Бирок Пакистандагы азыркы кырдаал буга жолтоо кылбас бекен? Неге дегенде президент Первез Мушаррафтын бүт өлкөгө өзгөчө абал киргизгени Пакистан менен АКШнын региондогу аскер контингентинин алакаларын кыйындатпаса, жеңилдетип жиберген жок.

“Биздин байланыштарыбыз жана аскери жетекчилер ортосундагы карым-катнаш уланууда, чукул кырдаал абалы аларга кедергисин тийгизгенин азырынча байкай элекмин”, - деп айтты адмирал Жефф Моррелл. Пентагон жагдайга абдан абайлап байкоо салып турганын айтып, Моррелл ошол эле учурда чукул режимдин колдон келишинче эртерээк алынышына АКШ кызыкдар экенин кошумчалады.

Пентагондун өкүлү америкалык аскерилердин пландарын Пакистан өкмөтү колдогондугун да маалымдады. Мушарраф чекара райондорундагы уруу жасактарына керек болсо курал-жарак, ок-дары жактан жардамдашканга, атүгүл тийиштүү аймактардагы абалды көзөмөлдөө милдетин эмдиги жылдан тартып аларга өткөрүп бергенге даяр экенин ырастаган.

XS
SM
MD
LG