Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Косовонун келечек макамы боюнча сүйлөшүү натыйжасыз аяктады


Косоволук албандар менен Сербиянын өкүлдөрү кечээ Брюсселде Евробиримдик, Орусия жана АКШ ортомчуларынын катышуусунда жолугушкан. Бирок Косоводогу этникалык албандардын лидерлери аймактын көз карандысыздыгы тууралуу маселени эми Евробиримдик жана АКШ менен бирге координациялай турган болду. 19-ноябрда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери этникалык албандардын лидерлерине кайрылып, Косовонун көз карандысыздыгын бир тараптуу жарыялаганга ашыкпоого чакырган. Косоволук албандар провинциянын көз карандысыздыгын талап кылып келүүдө, Сербия ага караманча каршы.

XS
SM
MD
LG