Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

12:37 Балдар үйүндөгүлөрдүн тамактануусу отуз беш пайызга жакшыртылат


Каржы министирлиги өлкөдөгү баалардын өзгөрүүсүн эске алуу менен мамлекеттик казынадан каржыланган социалдык-маданий мекемелердин тамактануу нормаларын кайра эсептеп, атайын токтом иштеп чыкты. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Токтомго ылайык аталган мекемелрдин тамактануу нормалары жаңы жылдан тарта отуз беш пайызга көтөрүлмөй болду. Мында балдар үйлөрүнүн, жетим балдар жана ата-энелеринен кароосуз калган балдар үчүн жатак мектептердин, дене же акыл-эсинин өнүгүшүнөн кемчил болгон балдар жана өспүрүмдөр үчүн, баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларында окуган жетим балдар үчүн тамак-аштын акчалай нормасы күнүнө элүү сомго чейин көбөйтүлмөкчү. Бул багытта бюджеттен кошумча эки жүз миллиондон ашуун сом бөлүнөөрү пландалууда. (ESu)

XS
SM
MD
LG