Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Канадалык укук коргоочу Иран бийликтерине режиссер Мехрнуше Солокини кое бериши үчүн эл аралык кысым көрсөтүүгө чакырууда. Теги ирандык Франциянын жараны Солокинин үстүнөн сот иши өткөн аптанын соңунда башталып, бирок белгисиз мөөнөткө кийинкиге калтырылды.

Монреалда жарыялаган билдирүүсүндө канадалык укук коргоочу Денис Маккреди маалымдагандай, Солокинин үстүнөн сот иши Тегеранда 17-ноябрда башталып, режиcсер сурак бергенден кийин сот иши үч саатка созулган, бирок сот иши белгисиз мөөнөткө кийинкиге калтырылган. Солокиге Иран өкмөтүнө каршы үгүт-насаат ишин жүргүзүүгө ниеттенген деген айып коюлууда. Ал Иранга жергиликтүү улуттук азчылыктардын сөөктү жерге берүү салттары тууралуу даректүү тасма тартканы келгенден кийин 27-февралда камакка алынган эле.

Ал Тегерандын сыртында өкмөт тарабынан 1988-жылы сотсуз өлтүрүлгөндөрдүн массалык көрүстөнүнө кызыгып калгандан кийин, бийликтер анын артынан түшүштү.

"Бөйрөктөн шыйрак чыгарбай эле, Иран өкмөтү бул ишти жаап койсо болмок" деп айтылат Маккрединин билдирүүсүндө. Укук коргоочу белгилегендей, Солоки таанымал саясий диссидент деле эмес, болгону докторлук ишин жазып жаткан көз карандысыз режисер.

Солоки айым Тегерандагы айтылуу Эвин түрмөсүндө бир нече ай жатып, кийин шарттуу бошотулган. Бирок анын паспортун бийликтер кайтарып бере элек, ал өлкөдөн кетүүгө уруксат да ала элек.

Макрединин айтымында, Солокини июл айында мотоцикл уруп кеткенде жаагына жарака кеткен, ал жаракатына төрт операция жасалышы керек болчу. "Учурда Солокинин жаагы шишип кеткен жана ал тез арада Францияга кайтып, дарыланууга муктаж" деп белгиленет билдирүүдө.
XS
SM
MD
LG