Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:34

ӨЗБЕКСТАН: УКУК КОРГООЧУЛАР ПАХТАГА БОЙКОТ ЖАРЫЯЛООГО ЧАКЫРУУДА


Өзбекстан пахта экспорту жагынан дүйнөдө экинчи орунда турат. Европалык өндүрштөгү кийим –кечектин ар бир төртүнчүсүндө өзбек пахтасынын үлүшү бар. Бирок өлкөдөгү ак алтын түшүмүнүн жарымы балдардын эрксиз эмгегинин натыйжасы деп эсептеген укук коргоочу активисттер эл аралык коомчулукту өзбек пахтасын бойкоттого чакырууда. Алардын ырастоосунда, балдар эмгеги азыр пахта башкаруучу элитаны гана пайдага туйтунтуп жатат.

Өзбекстанда быйыл президенттик шайлоо жылы. Декабрдагы шайлоодо кайрадан эле азыркы президент Ислам Каримовдун жеңип чыгары күтүлүүдө. Андыктан, расмий өкүлдөр өлкө быйылкыга белгиленген планды - 3,6 миллион тонна пахта жыйноо милдеттемесин аткарганын эбак эле жарыялашкан болчу. Президент Каримов элди бул "улуу жеңиши" менен 16-октябрда эле теледен сүйлөгөн сөзүндө куттуктап, быйылкы түшүм "күжүрмөн эмгектин" жана "айыл–чарбасында жүргүзүлгөн көп кырдуу реформалардын натыйжасы" экенин баса белгилеген.

Анткен менен Ислам Каримов эскерген "улуу жеңиш", укук коргоочулардын пикиринде, 450 миңдей жаш баланын эрксиз эмгегинин натыйжасында камсыз болду. Совет доорунда калыптанган, пахта терим убагында мектептерди бир жарым, эки айга жабуу практикасы Өзбекстан көз карандысыздык жылдары балдар укугу боюнча бир катар эл аралык келишимдерге кол койгонуна карабай, бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө.

Бухаралык 12- жаштагы өспүрүм мындай дейт:

- Шартыбызбы? Бала-бакчанынбы, мектептинби имаратында турабыз. Полсуз, түбү цемент жерде жатабыз. Айнеги жок. Эртең менен бир кесим нан жеп, чай ичебиз. Эки маал тамак берет: кечинде макарон, түштө суюк шорпо.

Балдар эмгеги мыйзамсыз пайдаланылып жатканы боюнча нааразылыктар Өзбекстанда буга чейин эле айтылып келинген. Бирок бул ирээт укук коргоочулардын жоон тобу өзбек пахтасын бойкоттоо боюнча өнөктүк баштап отурат. Алардын эсебинде, өзбек пахтасынын 90%дан ашууну кол менен терилет.

Өзбекстандын өзүндө жана четте жашаган 65 активист кол койгон чакырык кат Еврошаркетке, АКШ, Кытай, Орусия өкмөттөрүнө, Дүйнөлүк банка, Евопанын өнүгүү жана реконструкция банкына, ЮНИСЕФке, Эмгек боюнча эл аралык уюмга, Пахта боюнча эл аралык комитетке жана Польшанын Гдыньск шаарындагы ассоциацияга, Германиянын Бремен шаарындагы биржага багышталган. Кайрылууга кол койгондордун бири, Францияда жашаган өзбек укук коргоочу Надежда Атаева "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна буларды билдирди:

- Биз эл аралык коомчулуктун көңүлүн пахта бул өлкөнүн калкына кандай кун менен келип жатканына буруу керек деп эсептейбиз. Биз дүйнөлүк коомчулукту чакырып жаткан бойкот өлкөнүн карапайым калкынын абалына эч кандай таасирин тийгизбейт.

Кайрылууда белгиленгендей, Өзбекстан үчүн чет элдик валютанын булагы катары эсептелген пахта экспорту президент Ислам Каримовдун үй-бүлөсү жана анын айланасындагы бир ууч адамдар тарабынан гана көзөмөлдөнүп, эбегейсиз кирешеге ошолор гана туйтунушууда. Ал эми балдарга пахтанын дүйнөлүк баасынан 12 эсе аз акы төлөнөт. Ошол эле учурда жаш балдар түрдүү химиялык заттар менен сугарылган талаанын чаңын күнүнө кеминде сегиз саат боюу жутууга аргасыз.

Кайрылуу ээлеринин пикиринде, өзбек пахтасына эл аралык бойкот жарыяланышы өкмөттү балдарды эрксиз иштетүүнү токтотууга жана дыйкандарга реалдуу экономикалык эркиндик берүүгө мажбурламак.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG