Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Искак Масалиев билдирди. Анын айтымында, Шайлоо Кодексинин бул 77-беренесинин 2-бөлүгү талаш жарата турганы мурда эле маалым болгон. “Эгерде саясий партиялар принципиалдуулукту кармап, 21 партия шайлоого катышуудан баш тартса, анда бул чыныгы саясий чечим болмок”, дейт Масалиев.