Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО ЕККУнун 250дөй БАЙКООЧУСУ КӨЗ САЛАТ


16-декабрда парламенттик шайлоого башка бир катар эл аралык байкоочулар менен катар ЕККУнун Демократия институту жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулары да катышат. Аталган уюмдун миссиясы шайлоонун демократиялык принциптерине ылайыктуулугун байкап, өз сунуштарын беришмекчи. Учурда Николай Вулчанов баштаган миссия Кыргызстанга келип, добуш берүү өнөктүгүнө кандай байкоо жүргүзүлөөрүн бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда айтып берди.

ЕККУнун байкоочулар миссиясы кыргыз бийлигинин чакыруусу менен шайлоого байкоочу болуп келип жатат. Миссиянын башчысы Николай Вулчановдун билдиргенине караганда, 16-декабрда өтө турган шайлоого уюмдун 250гө жакын байкоочусу катышат.

- Бул жерде биздин ишибиз шайлоонун жүрүшүнө баа берүү болуп саналат. Шайлоо 1990жылы кабыл алынган Копенганген документине ылайык жүргүзүлүшү керек. Шайлоо жергиликтүү мыйзамдардын негизинде жүрүп жатабы –буга да көңүл бурабыз. Узак мөөнөттөгү байкоочулар өлкөдөгү саясый кампаниянын жүрүшүнө, шайлоо алдындагы камапниянын ММКларда чагылдырылышына жана соттук териштирүүлөр болуп калса, анын жүрүшүнө көз салат.

24-ноябрда узак мөөнөттөгү байкоочулардын келиши күтүлүүдө. Ал эми кыска мөөнөттөгү байкоочулар шайлоого 4 күн калганда келишет.

Шайлоонун алдында саясый партиялар ортосундагы мөөнөттөн мурда эле үгүттөө иштеринин жүрүшүнө байланыштуу тирешүүлөр, анын ичинде жарым пайыздык босого боюнча талаш-пикирлер кызып турган кези. Бул жагдайлар боюнча миссиянын башчысы жана бакга мүчөлөрү кандайдыр бир коммнтарий бере алышпастыгын айтышты. Алар өздөрүнүн алдын ала баасын шайлоонун эртеси күнү, 17-декабарда гана жарыя кылышаарын билдиришти.

“Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова , ЕККУ сыяктуу кадыр барктуу уюмдардын шайлоого байкоо жүргүзүшү Кыргызстан үчүн өтө маанилүү деп эсептейт:

- Менин оюмча, ЕККУ нун берген баасына, сунуштарына бийлик да, коомчулук да, саясий партяилар да сөзсүз түрдө маани бериши керек. Алардын бул жерде эч кандай саясий кызыкчылыгы жок да. Алар болгону шайлоо кандай өтүп жатканы боюнча, эл аралык номралар кандай аткарылып жатканына байкоо жүргүзүп, баасын берет да.

ЕККУнун жана башка бир катар эл аралык уюмдардын байкоочулары Кыргызстандагы шайлоолорго буга чейин да көз салып келишкен. Алардын сунуш пикирлерин кыргыз бийлиги эске албаган соң эл аралык байкоочулардын Кыргызстанда өткөрүлүп аткан саясий иш чараларга катышуусунун деле кажиети жок деген пикирлер да жок эмес. Маселен саясат таануучу Карыбек Байбосунов эл аралык байкоочулардын бүтүмүнө өзгөчө көңүл буруунун кажиети жок деген оюн”Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди:

- Эл аралык байкоочулардын берген бүтүмүн объективдүү туура же туура эмес деп айтуу болбойт, алар деле так айта алышпайт. Анткени алар биздин менталитетибизди, аң сезимибизди, жашоо-турмушубузду билбей туруп силер муну бузуп жатасынар, муну бузган жоксуңар деп техникалык жактан бизди көзгө сайганы туура эмес деп ойлойм. Ошондуктан алар менен макул болсо да болот, макул болбосо да болот.

Кошумчалай кетчү нерсе, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого байкоо салуу ниетин ЕККУнун байкоочуларынан тышкары Күнкорсуз мамлекеттердин шериктештиги, Шанхай кызматташтык уюму жана Эл аралык республикалык институту, билдиришти. Шайлоо мыйзамдарына ылайык эл аралык байкоочулар Борбордук шайлоо комиссиясы жөнөткөн чакыруунун негизинде каттоодон өтүшөт.

XS
SM
MD
LG