Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоого катышкан партиялар жалпы республикалык тизмеге киргизилгендердин 0,5%дан кем эмес добуш алышы керектиги тууралуу чечими чоң талаш-тартыштарды жаратууда. Шайлоо кодексинде ар бир облус, Бишкек , Ош шаарларындагы шайлоочулардын добуштарынын 0,5% азын алган партиялар депутаттык мандатка ээ боло албастыгы ачык жазылган. БШК чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен биртоп партиялар президентке кайрылуу жолдошкон. Бирок да азырынча ага жооп бериле элек. 2005-жылкы парламент шайлоо алдында ушундай тоскоол дипломаттарга каршы жасалган. Бул ирет 0,5% тоскоолу ошондой саясий жаңжалды чыгарчудай болуп туру.

Дипломаттарды депутаттыкка талапкерликтен четтеткен 2005-жылкы БШК чечими менен азыркы бүтүмдүн ортосунда эч кандай жалпылык жоктугун «Акжол» партиясы аркылуу парламенттик шайлоого аттанып жаткан Адахан Мадумаров мамлекеттик катчылык кызматын тапшырып жатканда билдирди.

- Айтып атпайымбы, ал кайгы эмес. Ал мыйзамченемдүү көрүнүш.

Мурдагы мамкатчынын андай пикирине «Акжол» партиясы кошулбай, 20-ноябрда Шайлоо кодексинин 77-беренесинин 2-пунктунун 2-абзацына теңирден тескери түшүндүрмө берген Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин сотко берип, жокко чыгарта тургандыктарын билдирүүдө.

«Атамекен» социалисттик партиясынын расмий өкүлү Чолпон Жакупова БШК чечимин азыркы бийликке ылым санаган партияларды ара жолго таштап кетүү катары мүнөздөйт.

- Бирок бул биринчи ирет болуп жаткан жери жок. «Акжол» партиясы чечимди жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылам деп жатпайбы. Чын-чынына келгенде Борбордук шайлоо комиссиясын деле таштап кетишпедиби,- дейт Ч.Жакупова.

Конституцияга кошо апыл-тапыл кабыл алынган Шайлоо кодексиндеги алдагыдай эки ачакей талкуулоого жол ачкан беренелерди так түшүндүрүп берүүгө президенттин да акысы жок, дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев.

- Анткени мыйзамда түшүнүксүз жобо болсо ага түшүндүрмө берчү мамлекеттик орган Жогорку Кеңеш болчу. Бүгүн Жогорку Кеңеш жок, демек, түшүндүрмө берчү орган жок.

А.Сариевдин ырасташынча, Шайлоо кодексинде дагы бир чоң талашты чакырчу жагдай бар. Ага шайлоо жыйынтыгы чыгар маалда учурашыбыз толук ыктымал.

- Ошол эле 77-берененин 4-абзацы бар. Бул жерде «талапкерлердин тизмеси добуш берүүгө киргизилген шайлоочулардын добуштарынын 5%» деп калган. Бул эми кызык болчу маселе. Анткени, добуш берүүгө киргизилгендер дегендер кимдер экени ошол эле 46-беренеде жазылган. Добуш берүүгө киргизилген шайлоочулар деген эмне түшүнүк? Бул жанагы урналардан чыккан бюллетендердин саны болуп эсептелет. Демек, биз азыр жалпы шайлоочулар 2 миллион 700 миң деп эсептеп жатсак, эртең шайлоого 1 миллион 300 миң келсе ушул норманы талкуулоого өтүп кетебизби деп, мен ушундан чочуп жатам.

Кыргызстан коммунисттеринин лидери Исхак Масалиевдин пикиринде, талашка «жем» таштаган үтүр атайылап, абыдан ойлонулуп туруп коюлган.

- Эми ачык айтканда, бул атайылап ойлонгон, ишке аша турган иш болчу башынан эле. Мынабу мыйзам - Шайлоо кодекси кабыл алынганда чыккан маселе.

Ошентип үтүрдөн чыккан талаш күндөн-күнгө күчөп баратат. Шайлоочулардын укугун коргоо атуулдук комитеттин укукчусу Жеңишбек Арзыматов атайылаппы же андай эмеспи, иши кылып сүйлөм ичинде коюлуп калган үтүрдөн шайлоодон кийин чоң чатак чыгышы ыктымал.

- Шайлоодон кийин белгилүү бир конфликттерге себеп болушу мүмкүн.

Партиялык тизме боюнча шайлоого жүздөн ашуун партиялардын тең жарымы катышуу ниетин билдирип, бирок да катталчулардын катарында 22 партия гана калган. Шайлоонун 5% тоскоолуна жер-жерлерден дагы 0,5%дан кем эмес добуш алып келүү шарты коюлган. Борборшайлооком аны жалпы республикалык тизмеге киргизилген шайлоочулардын санына карап аныктоо керектигин ырастаган чечими кезектеги чоң чырды жаратууда.
XS
SM
MD
LG