Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

АКШ: АННАПОЛИС ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ САММИТИНЕ ЧАКЫРАТ


Палестин-израил жаңжалын жөнгө салуу боюнча эл аралык конференция 27-ноябрда АКШнын Аннаполис шаарында болот. Мамлекеттик департаменттин өкүлү ырастагандай, жыйынга Израилдин премьери Эхуд Олмерт, палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас, арап өлкөлөрү менен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине кирген мамлекеттердин делегациялары катышат.

Баары болуп жыйынга 49 өлкө чакырык алды. Конференция ачылардан бир күн мурда Вашингтондо президент Жорж Буш палестин лидери жана Израилдин өкмөт башчысы менен өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. “Конференция премьер Олмерт менен автономия башчысы Аббастын каармандык иш-аракеттерине эл аралык колдоо көрсөтүү белгиси болот жана палестин мамлекетин түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө жол ачат”,- деп билдирди мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон Маккормак.

Палестин мамлекетин түзүү маселесине арналган алгачкы сүйлөшүүлөр мындан жети жыл илгери башталып, көп өтпөй жыдып калган эле. Вашингтон администрациясы үзгүлтүккө учураган ошол процессти эми Аннаполистеги эл аралык конференция аркылуу кайра жандантканга үмүттөнүүдө. Жыйынга Буш менен мамлекеттик катчы Кондолиза Райстан тышкары Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун,Евросоюздун тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Хавер Солана, Жакынкы Чыгыштагы арачылар “квартетинин” атайын өкүлү Тони Блэр катышат. Мындан тышкары Арап мамлекеттер лигасына, Ислам конференциясы уюмуна,”чоң сегиздин” өлкөлөрүнө ырасмий чакыруу жөнөтүлдү.

Деген менен байкоочулар Мэриленд штатындагы бул саммит ийгиликтүү болорун аян кылган белгилер жок дешет. Израилдин премьери Эхуд Олмерт сүйлөшүүлөрдө талаш-тартыштар, кризистүү учурлар көп болорун эскертип, ошентсе да тараптар абайлап аракеттенишсе эмдиги жылдын этегине барып тынчтык келишимине жетишүүгө мүмкүндүк бар экенин белгиледи.

Процесске Египет президенти Хосни Мубарак да көмөктөшкөнгө сөз берди. Жакында Шарм-аш Шейхте өткөн палестин-израил саммитинен кийин Олмерт менен жолугуп, Мубарак эгер ишке аркасы тийер болсо Израилге визит менен барганга деле даяр экенин ырастады.

Арап мамлекеттер лигасы ушул жума күнү Каирде тышкы иштер министрлер деңгээлинде жыйынга чогулуп, жалпы позициясын аныкташат. Бирок конференцияга барар-коюшту ар бир өлкө өзү чечет. Айрым бир өлкөлөр, мисалы, Сауд Арапстан тынчтык үчүн айрым кызыкчылыктардан кечкенге Израил азырынча даяр эмес деген пикирде. Сирия болсо конференциянын күн тартибине Голан дөңсөөлөрү тууралуу маселе киргизилсе гана Аннаполиске делегациясын жөнөтөрүн билдирди. Голан дөңсөөлөрүн Израил 1967-жылы басып алган.

XS
SM
MD
LG