Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

АКШ – ГРУЗИЯ АЛАКАСЫ ЭМНЕГЕ НЕГИЗДЕЛГЕН?


Грузияда келерки жылдын 5-январында мөөнөтсүз президенттик шайлоо болот. Азыркы президент Михаил Саакашвили шайлоого катышуу үчүн жакынкы күндөрү, мыйзамга ылайык, кызматынан чегинери күтүлүүдө. Саакашвили 2003-жылы роза ыңкылабынын натыйжасында бийликке келгенден бери Кошмо Штаттардын азыркы администрациясы ага бекем колдоо көргөзүп келүүдө. Жакында өлкөдө бир нече күнгө өзгөчө абал киргизилгенде Вашингтон аны демократиялык институттарды калыбына келтирүүгө чакырды, бирок сынга албады. Бул көрүнүш АКШ – Грузия алакалары эмнеге негизделгендиги боюнча талкууларды жаратпай койгон жок.

Анне Апплебаум - америкалык "Вашингтон Пост" гезитинин эл аралык маселелер боюнча баяндамачысы. Грузияда өзгөчө абал сакталып турган күндөрү АКШ грузин президентине катаалырак мамиле жасаш керектигин жазып чыккандардын бири. Ал өз макаласында президент Жорж Бушту жалпы Грузия эмес, анын мамлекет башчысынын жеке өзү менен гана өтө жакын мамиле орноткон саясат жүргүзүп жатканы үчүн сынга алган эле.

Баяндамачынын жазганына караганда, бул АКШнын саясатына мүнөздүү көрүнүш. Маселен 1990 - жылдары президент Билл Клинтон орус президенти Борис Ельциндин жеке өзүнө колдоо көргөзсө, азыр Жорж Буш өлкөдө өзгөчө абал сакталып турган Пакистан президенти Первез Мушарафты колдоодо.

Ал кошумчалагандай, АКШ узактан бери жана көп өлкөлөрдө анын азыркы жетекчилигине альтернатива жарата алуучу институттар эмес жеке инсандар менен мамиле түзүүгө басым жасап келүүдө. Грузия боюнча да жалпы өлкөгө эмес, президент Саакашвилинин жеке өзүнө кайрылууда.

"Вашингтон Постун" баяндамачысы Анне Апплебаумдун пикиринде, башынан тарта эле бир нече адам жана институт менен алака орноткон жакшыраак. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде төмөнкү ойлору менен бөлүштү:

- Талаптагыдай иштеп жаткан демократиялык өлкөдө, атүгүл жарым-жартылай демократиялык мамлекетте жооптуу адамдардын саны адатта бир нече. Эгер баарын жалгыз эле адам көзөмөлдөсө, бул - демократия эмес. Демократия сот, парламент, бейөкмөт уюмдар, армиянын жана башка түрдүү институттардын иши аркылуу камсыз кылынат. Жөн эле Саакашвили менен сүйлөшүү бүткүл өлкөдө эмне болуп жатканын сизге толук билгизбейт.

Тед Гален Карпентер - Вашингтондогу изилдөө мекемелеринин бири, Като институтунун вице-президенти. Ал америкалык дипломаттар Грузия сындуу өлкөлөрдө кеңири чөйрөнү камтуусу зарыл деген ойлорго кошулат.

Бирок Карпентердин айтымында, расмий Вашингтон кайсыл өлкөдө кайсыл институттар менен мамиле кылуу керектигинде этият болушу абзел. Маселен, бейөкмөт уюмдар менен өтө тыгыз мамиле түзүү ал өлкөнүн жарандары арасында АКШ ички иштерге кийлигишип жатат деген шектенүүлөрдү жаратышы мүмкүн:

- Мен бул өлкөлөрдүн караламан калкына демократия алып келүүгө аракеттенүү максатында саясий миссионерлер катары бейөкмөт уюмдар бюджеттен каржыланарына ишене албайм. Бул жакшы дегенде натыйжасыз, жаман дегенде кайра тескери жыйынтык алып келет. Менимче, биз башка өлкөлөрдү саясий жактан башкарууга умтулууда деген репутацияга ээ болбогонубуз маанилүү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG