Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

Орусиялык белгилүү укук коргоочу, “Мемориал” борборунун аналитиги Виталий Пономарев жаңы китебин басып чыгарды. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн маалымат-жыйынында айтты. Китеп “КМШ мамлекеттериндеги өзбекстандык качкындар: өлкөдөн чыгаруу коркунучу” деп аталат.

Бул, Виталий Пономаревдун айтымында, өзбек качкындары тууралуу доклад. Бирок баардык эле качкындар эмес, алардын ичинде экстрадиция, же өлкөдөн чыгарылуу коркунучу алдында тургандар жана буга чейин өзбек бийликтерине өткөрүлүп берилгендер жөнүндө маалымат. Докладда постсоветтик аймактагы төрт мамлекет - Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Украинадагы - өзбек качкындарынын тагдырына анализ берилген. Мисалы, 2005-жылдагы Анжиян окуясынан бери ушул төрт жумурияттан канча өзбек качкыны атайын кызматтардын кийлигишүүсү менен Ташкенге өткөрүлүп берилгени кеңири жазылат. Кыргызстандан акыркы эки жыл ичинде 22 адам күч менен өзбек бийликтерине берилгени көрсөтүлгөн.

Укук коргоочу мында Кыргызстандын Баш прокуратурасынын катыштыгын да белгилеп өттү.

- Кыргызстандын баш прокуратурасы, тилекке каршы, көп учурда өзбек бийликтеринен тигил же бул адамды өткөрүп берүү тууралуу арыз түшсө эле, аны жакшылап текшерип, кошумча суроолорду бербей туруп, Ташкендин талабын канааттандырып жүрөт. Мисалы, быйыл 1-июнда Отабек Муминовду өткөрүп беришти. Өзбекстандан арыз түшкөндөн кийин эки күн өтүп-өтпөй эле ал арыз боюнча чечим да кабыл алынып калды. Мындай кыска убакыттын ичинде ишти, келген документтерди дурус текшерүүгө такыр болбойт деп эсептейм.

Пономаревдун ишениминде, Өзбекстанда жакында өтө турган президенттик шайлоонун алдынан азыр качкындар ишине көңүл бурулбай калгандай сезилгени менен, ал иш кайра эле шайлоодон кийин улантылат жана буга себеп көп.

- Өзбекстан жүргүзүп жаткан саясатты эске алганда, ал жакта ар эки жылда кандайдыр бир кризистик кырдаал түзүлө берет жана андай учур келген сайын адамдарды куугунттуктоо, текшерүүлөр, камакка алуулар көбөйөт да, качкындардын саны артат, алардын артынан түшкөн атайын кызматтар активдеше башташат. Шайлоонун алдынан, албетте, буга кызыгуу кичине басаңдайт, бирок ал көпкө созулбайт. Анткени Ислам Каримовдун саясаты улам жаңы кризистерди жарата берет. Бул репрессивдүү режим бир эле Өзбекстандагы эмес, жалпы Борбор Азия регионундагы стабилдүүлүккө коркунуч келтирет, - деди укук коргоочу.

Азыр чет-мамлекеттердин биринде жашап жүргөн өзбекстандык укук коргоочу Едгор Турдубеков өзбек атайын кызматтарынын аракеттери тууралуу биздин радиого буларды айтты.

- Качкындар өздөрү да азыр аябай коркуп калышкандыктан, ич-ара бири-бирине ишенишпейт. Эгерде качкындардын арасында кимдир бирөө жашаган үйүнүн дарегин билип калса, ошол замат даректи алмаштырганга аракет кылышат. Анткени атайын кызматтар качкындардын арасына да өздөрүнүн тыңчыларын киргизишкен, - деди өзбекстандык укук коргоочу.

В.Пономаревдун докладынын жазылышында жогоруда аталган төрт мамлекеттеги жергиликтүү укук коргоочулар да жардам көрсөтүшкөн. Мисалы, Кыргызстандан “Жарандар коррупцияга каршы” деп аталган укук коргоочу борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова, “Адилет” укуктук клиникасы жана маркум журналист Алишер Саипов да жардам көрсөткөн экен. Төлөйкан айым Алишер Саипов тууралуу айтып жатып, мында да Кыргызстандын Ички иштер министрлиги туура эмес аракеттерге барганын белгиледи.

- Ички иштер министрлиги коомчулуктан, Алишер Саиповдун үй-бүлөсүнөн кечирим сурашы керек. Анткени тергөө иштери бүтө электе, сот чечимин чыгара электе журналисттин атын каралап, ага жаман статус илгенге аракет кылып жатат. Биз деле аны түшүнүп жатабыз: Өзбекстан жана ошол репрессивдүү режим биздин өкмөт, Ички иштер министрлиги жана Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитет менен алыш-бериш жасап, мурдагы советтик системада иштеп жатышат, - деди Т.Исмаилова.

Ал эми Виталий Пономарев болсо Кыргызстанда эмне үчүн Саиповдун өлүмү боюнча иликтөө иштери басаңдап калганынын себебин төмөнкүчө түшүнө турганын айтты.

- Биздин айрым маалыматтарга караганда, кыргызстандык атайын кызматтар да өздөрүнүн өзбекстандык кесиптештеринен “Саипов саясий себептерден улам эле атайын жок кылынганы” тууралуу билдирүү алышкан. Дал ушул билдирүү бул жакка келип түшүшү менен, ал ишти иликтөө басаңдап кетти. Анткени алгач Кыргызстанда “Саиповду кылмыш топтору өлтүргөн болсо, ушул ишти жакшы ачуу менен аракеттерибиздин натыйжалуу жүрүп жатканын көрсөтөбүз” деп ойлошкон. Бирок андай кабар түшкөндөн кийин, ишти иликтеп, аны аягына чыгарууга да кызыкпай калышты, - деди укук коргоочу В.Пономарев.

Көп учурда Өзбекстандын атайын кызматтары башка мамлекеттердеги кесиптештерине качкындарды тутуп беришкени үчүн “акчалай сыйлык” берип турушаары кабарланды. Орусиялык укук коргоочу бул китепти жазгандан кийин элдерди “массалык түрдө уурдоо” практикасы колдонулуп жатканын, ал окуялардын бирөө да жакшы иликтенбей келатканын түшүнгөнүн билдирди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG