Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

“ПУТИНДИ КОЛДОГУЛА” ЧАКЫРЫГЫ БҮТҮНДӨЙ ОРУСИЯГА ТАРАП БАРАТ


Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ «Лужникиде» өткөн өзүн колдоочулар алдында чыгып сөз сүйлөдү. Ал чогулгандарды «Бирдиктүү Орусия» үчүн добуш бергиле деп чакырык таштады. «Парламентти шайлоодогу жеңиш, марттагы президентти шайлоону жеңүү дегендик» - деди президент Путин. Ошондой эле ал 90-жылдары өлкөнү кыйраткан жана бийлик талашып, олигархтык режим орнотушканы атышкан саясатчыларга ишенбөө керек деген үгүт айтты.

«Лужники» спорттук комплекс туш тарабынан милиция менен тосулуп, катуу кайтарылганын агенттиктер жазышат. «Азаттык» үналгысынын кабарчысын жана башка, негизинен батыштык журналисттерди имараттын ичине киргизбей коюшкан. Ичке кирүү жалаң гана чакыруу белети менен болгон.

Болгону тогуз күн мурда Твер шаарында жыйыны өтүп, оозго кирген «Путин үчүн» кыймылы кечээ, 21-ноябрда Маскөөнүн эң чоң стадиону «Лужникиде» бүткүлорусиялык жыйын өткөрдү. Ырасмий булак билдиргенге караганда ага өлкөнүн булуң бурчтарынан алынып келинген беш миңге чукул киши катышкан.

РБК билдиргенге караганда анын ишине «Бирдиктүү Орусия» партиясы менен «Путин үчүн» кыймылынан тышкары кремлдик жаштар кыймылдары «Биздикилер» жана «Жаш гвардия» өкүлдөрү катышышкан.
Журналисттер алдында «Путин үчүн» кыймылынын жетекчиси бийлик партиясы менен тилектеш экенин айткан. Анализчилер баамында бул кыймылды деле Кремл атайылап партияда жоктор үчүн уюштурган. Андай экени жаңы кыймылдын лидери Павел Астахов айткан кептен байкалат:

- Биздин кыймыл партияда жоктордон турганына карабай биз аны менен («Бирдиктүү Орусия» менен - ММ) тилектешпиз, ал тургай, өткөрүлүп аткан жыйындын чыгымын да ал партия төлөдү.

Путиндин атын сүрөөчүлөр жыйынына батыштык журналсттерди жакын жолотушкан эмес. NEWSru.com сайты кабарлагандай президенттин админстрацисы чет элдик гана эмес орусиялык бир топ маалымат каражаттарды да аккредитациялабай койгон.

Жыйында Владимир Путин оппозицияга каарын төгүп, кайсы бир депутаттыкка талапкер болуп аткандарга катуу сын айткан. «Алар батыштык эксперттерден сабак алышып, кошуна өлкөлөрдө машыгуу өткөрүшүп эми Орусияда да ошону кылгылары келет» - деген. MIGnews.com жазганга караганда орусиялык президент «кошуна өлкөлөрдө» деп Грузия менен Украина лидерлеринин бийликке келишин айтып атат. Андан аркы кебинде Владимир Путин мындай деген:

- Силердин колдооңор керек, ал баштап алганыбызды силер менен бирге андан ары улоо үчүн керек.

«Солчулдар күчтөрүнүн союзу» партиясы бирдиктүүорусиянын пайдасына үгүт жүргүзүүдө Путин кызматтык кадыр-баркынан пайдаланып атат деп президентти сотко берген, бирок экинчи күнү Орусиянын Жогорку соту оппозициянын доосун карап, негизсиз деп аны четке каккан.

XS
SM
MD
LG