Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНУУДА


Ош шаарында Кыргызстандын жана Орусиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек үстөл уюштурулуп, анда эмгек мигранттарынын маселелери талкууланып жатат.

Кыргыз Республикасынын статистика комитетинин билдиришинче, Орусияда расмий түрдө 700 миңге чукул, расмий эмес маалыматтарга караганда, 1 миллион 500 миң мекендешибиз эмгектенет. Борбор Азиядагы Евразия Фондунун Бишкектеги өкүлү Динара Мусабекова сыртта, айрыкча Орусияда жүргөн жердештерибиздин укугу чындап тепселип жаткандыгын, ага жарандар өздөрү да күнөөлүү экендигин, ошондуктан айрым жерлерде көмөктөшүү борборлорун ачышканын «Азаттыкка» кабарлады.

- Негизинен ишке жайгашууга уруксат алууда, жашаган жеринен каттоого турууда кыйынчылыктар бар. Себеби, Орусия мыйзамы жөнөкөй көрүнгөнү менен катуу. Ошол себептүү мигранттарды окутуу максатында Кыргызстандын облустук борборлорунда түйүн түзүп, алардын укуктук сабатын жоюп жатабыз. Мындан тышкары Орусиянын Свердловск шаарында борборубуз бар эле, ушундай жайларды Москвада, Санкт-Петербургда да ачалы деп турабыз. Ошентип, жергиликүү эмгек биржалары менен түзмө-түз жана туруктуу иштешкенге шарт түзүлдү,-. дейт Динара Мусабекова.

Орусиянын Свердлов облусунун өкмөт мүчөсү Анатолий Никитенко мурун алдамчы ортомчулар бар эле, ошолордун кайырмагына илингендер шорлочу. Азыр миграция саясаты нугуна түшүп баратат деген пикирде.

- Көпчүлүгү тааныбаган кишилерге ишенип келип, айлыгы, же эмгек келишими жок көчөдө калышчу. Бүгүнкү күндө ушундан кутулдук бейм. Мисалы, Свердловск облусунда мындай терс көрүнүштөр азыраак. Ошентсе да, Кыргызстандан келгендердин басымдуулугу Орусия мыйзамдары менен тааныш эмес. Көбүнүн адистиги жок. Мисалы, биз курулушчу, өндүрүшчүлөргө абдан муктажбыз. Эки мамлекеттин ортосундагы макулдашууга ылайык аларды жаңы кесиптерге үйрөткөнгө убакыт коротуп жатабыз, - деди Анатолий Никитенко.

Ош шаардык эмгек мигранттарын окутуу борборунун координатору Алтынбек Абдырахманов борбор жаңы ачылганына карабай чет өлкөлөргө барып иштөөнү каалагандарга укуктук кеп-кеңеш, жумушчу орундар туурасында толук кандуу маалымат берүүгө аракеттенип жаткандыгын билдирди.

- Маалыматтык, кеп-кеңештик жардам көрсөтүү ошону менен бирге жумуш орундарына жайгашууга жардам берип жатабыз. Эң негизги көйгөйлөрдүн бири бул биздин эмгек мигранттардын сабатсыздыгы болуп жатат. Тил билбегендиги кошумча болуп жатат. Кесиптик адистиги жок. Адистиги бар адамдар көчөдө калбайт ,- дейт Алтынбек Абдырахманов.

Тегерек үстөлдүн соңунда анын катышуучулары Кыргызстандын жана Орусиянын Өкмөтүнө кайрылуу жасап, эки өлкөгө тең сырттан барган эмгек мигранттарына квотаны көбөйтүүнү, иштөөсүнө ыңгайлуу шарт түзүүгъө жергиликтүү бийликтерди милдеттендирүүнү өтүнүшмөкчү.

XS
SM
MD
LG