Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

БШКнын ТОКТОМУ ДАГЫ БИР ТАЛАШТЫН БАШЫ БОЛЧУДАЙ


Борбордук Шайлоо комиссиясынын Орусиянын Москва шаарында иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын добуш берүүсү үчүн көчмө комиссиялары бюллетень салынчу үкөктөр менен базарларды кыдырсын деген чечими айрым саясий партиялар менен жарандык коом өкүлдөрүнүн катуу каршылыгын жаратты. БШКнын мындай чечимин шайлоочулардын тең укуктуулугун басмырлоо жана мыйзамды бузуу деп эсептеген бейөкмөт уюмдар коалициясы сотко доо арыз жолдогон жатат.

БШКнын мындай чечими тууралуу комиссия мүчөсү Жылдыз Жолдошева маалымат жыйынында жарыя кылып, Орусиянын Москва шаарында иштеген кыргыз жарандарынын добуш берүүсү үчүн көчмө комиссия 5 ири базарга үкөктөрдү алып барып добуш бердиртээрин кабарлаган. Бейөкмөт уюмдардын “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы БШКнын мындай чечими Кыргызстандын да, эл аралык мыйзамдардын да талабын одоно бузуу деген билдирүү таратып, БШКдан аны жокко чыгарууну талап кылган. Коалициянын президенти Динара Ошурахунова эгер БШК токтомун жокко чыгарбаса сотко арыз жолдойбуз деп, анын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Анткени, ар бир шайлоочунун шайлоого катышууга өз укугу бар. Бул жерде болсо эркин шайлоо болбой калат. Экинчиден, Шайлоо Кодексинде Кыргызстандан сырткы жерлерде шайлоо комиссияларыдобуш берүү участкаларын элчиликтердин же консулдук имараттардын ичинде түзөт деп ачык жазылып турат. Демек, эч кандай базар же дүкөн деген болбош керек.

БШКнын мүчөсү Жылдыз Жолдошева болсо мындай дооматты негизсиз деп эсептейт. Анын айтымында, чечим чет жерде жүргөн жарандардын өтүнүчүнөн улам Шайлоо Кодексинин 42-беренесинин 1-пунктуна жана 21-беренесинин 5-пунктуна негизделип кабыл алынгандыктан эч кандай мыйзам бузууга жол берилген жок:

- Ошол эле Шайлоо Кодексинде мигранттар добуш берүүчү участкалар бир гана элчиликтерде эмес, ошондой эле алар чогуу жашаган же чогуу жүргөн жерлерде түзүлөт деп жазылып турат. Азыр алардын иштеген, жүргөн жерлери базар болуп жатат. Ошол базарлардын ичинде стационардык участкаларды ачалы десек бизге уруксаат беришкен жок. Себеби, чынында эле биздин мигранттардын көбүнүн документтери туура эмес. Алар ачык эле “биз шайлоого барсак жолдон кармап алып, депортация кылса биздин абалыбыз кандай болот? Үйбүлөбүздү ким багат?” деп жазып жатышат. Мына ушундай өзгөчө кырдаал болгондон кийин биз ошондой шартты түзуп бергенге милдеттүүбүз. ,- дейт Ж.Жолдошева.

“Ар намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова БШКнын мындай билдирүүсүнө макул эмес. Анын оюнда, БШК бийликти жактаган саясий партиялардын көп добуш алуусу үчүн атайылап ушундай чечим кабыл алды:

- Бул түздөн-түз басым. Ошол базарда отурган жарандарды шайлоо укугунан ажыратып, басымдын алдында добуш бердирүү. Мунун башкы кызыкчылыгы мыйзам бузууга барса дагы бийликтин партиясын алдыга алып чыгуу жана ага көп добушту топтоо.

Ал эми Орусияда жүргөн кыргыз жарандарынын иши менен алектенген “Замандаш” ассоциациясынын президенти Жума Абдуллаев Орусияда жүргон жарандардын көбү БШКнын чечимин колдоого алып жатышкандыгын билдирди. Себеби, Москвада жүргөн жарандардын элчиликке келип, добуш берүүгө чама-чаркы аз дейт:

- Бул өтө керектүү чечим. Анткени, биздин дипломатиялык өкүлчүлуктөрдө гана добуш берүү уюштурулса ага элдин баары келе албайт. Мисалы, Москвадагы элчиликке тээтиги Мытищидеги, Кунцовадагы, Черкездеги базардагы элдер метрого түшүп, унааны алмаштырып келиши керек. Ага эл барбайт. Экинчиден, жетүүнүн деле кооптуу жактары бар. Маселен, милиция токтото калат. Ошондуктан, мен бул чечимди колдойм. Ал эми коалиция же башка партиялар сотко бергендин ордуна ошол жакка өз байкоочулары менен мүчөлөрүн жиберишсин.

Саясат талдоочулардын баамында, демек, бул карама-каршылык Кыргызстандагы шайлоо алдындагы дагы бир чоң талаштын башы болчудай.

XS
SM
MD
LG