Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТАГЫ ТАЛАПКЕРЛЕР КЫЗМАТЫН ТАПШЫРА БАШТАШТЫ


Шайлоо кодекси боюнча парламенттик шайлоого катышуучу партияларга өткөн чиновниктер кызматын тапшырууга тийиш. Кечээ мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров башкаларга үлгү катары биринчилерден болуп, кызматын тапшырганын жарыялаган. Ошол эле учурда парламенттик шайлоого баруучу партиялык тизменин катарындагы айрым талапкерлер кызматын тапшырууга шашылбай жаткандыгы айтылууда.

Тизмеси биринчилерден болуп БШКдан катталган “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрү кызматтарын тапшырып бүтүштү. Партиянын маалымат катчысы Жоомарт Сапарбаевдин “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча партиялык тизмедеги мүчөлөр талапкерлик мандатын алышты:

- Биздин бул жараяндар баары эчак эле бүткөн. Тизме түзүлүп бүтүп, БШКга берип жатканда эле баары туура болуп, баары өттү. Ошондуктан, бул жагынан бизде кыйынчылык жок.

БШКнан талапкерлик мандатын алган партиялардын бири – Коммунисттер партиясы. Аталган партиянын мүчөсү Орозбек Дүйшеевден алынган маалымат боюнча парттизменин катарында мамлекеттик кызматта иштеген талапкерлер саналуу эле, алар бир нече күн мурда эле иштерин өткөрүп беришкен:

- Николай Байло аким болчу, ал мурда эле тапшырып койгон. Майлысуу шаарынын мэри да кызматын өткөрүп берди. Биздин тизмедегилер да талапкерлик мандатын алышты.

Ошондой эле партиялык тизмесинде мамлекеттик кызматкерлер аз санда камтылган партиялардын бири –“Замандаш” партиясы. Партиянын төрагасы Мухтар Өмүракунов шайлоого баруу үчүн миграция комитетинин статс-катчылык кызматынан бошонду. “Замандаштын” мүчөсү Жума Абдуллаевдин айтымында дагы бир талапкер ИИМдин кызматкери Бактыбек Жусубалиев да ишин өткөрүп берген.

Парламенттик шайлоого баруучу парттизмеде мамлекеттик кызматта отурган талапкерлердин саны жагынан жакында түзүлгөн “Ак жол” партиясы алдыңкы орунда турат. Бүгүнкү күнү тизмедеги бир нече талапкерлер: Улуттук филармониянын директору Керим Турапов, кыргыз-орус славян Университетинин ректору Владимир Нифадьев, Бишкек шаарынын вице-мэри Галина Куликова жана башкалар кызматтарын өткөрүп берише электиги аныкталды. Партиянын жооптуу катчысынын орун басары Жангороз Каниметов “Ак жол” партиясынын катарындагы мамлекеттик кызматкерлер ушул тапта шайлоого байланыштуу иштен бошонуп жатышкандыгын билдирди:

- Тапшырып жатышат. Кечээ Адахан Мадумаров тапшырды. Бир да талапкер мамлекеттик кызматта калбайт.

“Ак жолдун” партиялык тизмесинин башында турган Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын кызматтан кетүүсүнө байланыштуу маселе чечиле элек. Анткени мыйзам боюнча Конституциялык сот төрайымынын кызматын тапшыруусуна байланыштуу маселени парламент кароого тийиш. Парламенттин жоктугунан улам бул суроо ачык калууда. Айрым саясатчылар Конституциялык соттун башында турган адамдын бир саясий партиянын кызыкчылыгында шайлоого катышып жатышы дүйнөлүк практикада жок нерсе деп белгилешүүдө. Мурдагы тышкы иштер министри, саясат таануучу Аликбек Жекшенкулов Чолпон Баекованын бийликчил “Ак жол” партиясынын башында шайлоого баруусунун арты мыйзамдык туңгуюкка кептейт деген пикирде:

- Конституциялык соттун төрайымы болобу, төрагасы болобу, бул деген -өзүнчө бир бийликтин жогорку бутагы, Конституцияны сактоочу орган эмеспи. Саясий жагынан да, укуктук жагынан да суроолор туулат да. Бир эле мисал: эртең шайлоо учурунда бир чоң жаңжал чыгып, оппозициялык партиялар Консотко кайрылса, Конституциялык сот кантип иштейт? Кайсы тарапты: калыстыкты алабы же бир партиянын кызыкчылыгын алабы?

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн БШК тарабынан 22 саясий партия катталып, алардын ичинен үчөөнүн парттизмедеги талапкерлери бекитилген.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG