Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

8:19 Нааразылык чарасын атайын жайда өткөрүү сунушу тынчсыздануу жаратууда


“Ачык позиция” коомдук уюму Бишкек шаар бийлигинин нааразылык чараларын атайын бөлүнгөн жайда өткөрүү демилгесине тынчсыздануу билдирди. “Мындай демилге адам укуктары менен эркиндиктеринин табиятын түшүнбөстүктү күбөлөп, конституциялык кепилдиктерге коркунуч туудурат” - деп айтылат аталган уюмдун жетекчиси Дмитрий Кабак шаар кенештин депутаттарына жолдогон ачык катта. Анда ошондой эле шаар кеңеш жергиликтүү бийликтин аракетин көзөмөлдөөчү орган катары мыйзамга каршы жана адам эркиндиктерин чектеген ар кандай эрежелерди кароодо өзгөчө жоопкерчиликте мамиле кылууга тийиштиги белгиленген. Шаар бийлиги нааразылык чараларын борбордук аянтта эмес, башкалаанын атайын бөлүнгөн жеринде өткөрүү жол-жобосун кароону шаардык кеңештин 30-ноябрда өтчү жыйынына сунуштоодо. (SM)

XS
SM
MD
LG