Орус президентинин айтымында, алар чет өлкөдө жүрүп Орусияны алсыратуу аракетин көрүп жатышат. Москвадагы “Лужники” спорт комплексинде чогулган эл алдында сүйлөгөн сөзүндө Путин орус элин 2-декабрда боло турган шайлоодо “Бирдиктүү Орусия” партиясын колдоого чакырды. Өз сөзүндө Путин эл арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо учурунда “Бирдиктүү Орусия” өлкөнүн азыркы багытын сактап кала ала турган күчтүү партия деп табылганын кошумчалды.