Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

10:47 Омбудсмен президенттен 0,5 пайыздык аймактык квота боюнча түшүндүрүү берүүнү суранууда


Турсунбай Бакир уулу Шайлоо кодексинин 77-бересининин 2-пунктунун 3-абзацына түшүндүрмө берүү суранычы менен Курманбек Бакиевге кат жолдоду. Омбудсмен 0,5 пайыздык аймактык квота саясий партиялардын гана эмес, дубандардагы шайлоочулардын укугун одоно бузууда деп эсептейт. Анын пикиринде, чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарынын да добуштары кайсыл аймакка кошулары белгисиз бойдон калууда. Бул тууралуу Омбудсмен институтунун маалымат кызматы билдирди. БШК шайлоого катышкан партиялар ар бир облус, Бишкек жана, Ош шаарларында жалпы республикалык тизмеге киргизилген шайлоочулардын 0,5%дан кем эмес добуш алышы керек деген чечимин 19-ноябрда кабыл алган. (JTo)

XS
SM
MD
LG