Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР ПРЕЗИДЕНТТИН ЖООБУН КҮТҮШҮҮДӨ


21-ноябрда 10 саясий партиянын өкүлдөрү чогулуп, 0.5% маселесин кайрадан талкуулашты. Анда лидерлер бейшемби күнгө чейин президентти күтүү чечимин кабыл алышты. Бул арада президенттик «Ак жол» партиясы 0.5% боюнча БШК кабыл алган чечимди жокко чыгаруу арызы менен сотко кайрылганы кабарланды.

Борбордук шайлоо комиссиясы 0.5% добушту саясий партиялар региондордогу шайлоочулардын тизмесинен эмес, жалпы республикалык тизмеден алыш керек деген чечимди 19-ноябрда кабыл алган. Партия лидерлери ага кескин нааразы болуп, 20-ноябрда 11 партиянын лидерлери, өкүлдөрү жыйын өткөрүп, Конституциянын кепили президентке кайрылуу кабыл алышкан. Кайрылуу менен кошо мамлекет башчысы менен жолугушуу максатын да билдиришкен. Бирок президент бул күндөрү Ысыккөл облусунда жумуш сапар менен жүргөндүктөн жолугушуу болбой калган.

«Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнө караганда, президентик администрациянын башчысы Медет Садыркулов партиялардын лидерлеринин өтүнүчүн президент келиши менен жеткирүүгө жана мүмкүн болсо жолугушууну уюштурууга аракет кылаарын билдирген.
Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиевдин билдирүүсүнө караганда, президенттин Ысыккөлгө жумуш сапары 21-ноябрда соңуна чыгып, ошол эле күнү Бишкекке кечинде кайтып келиши күтүлүүдө.Ошондуктан саясий партиялардын лидерлери менен президенттин жолугушуусу болоор-болбосу бүгүн, 22-ноябрда айкын болот.

Бул арада президенттик «Ак жол» партиясы БШКнын 0.5% боюнча чечимин Биринчи май райондук сотуна бергенин партиянын кеңсесинен «Азаттыкка» тастыкташты. «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин пикиринде бул жерде бийлик тарабынан ойлонуштурулган оюндар жүрүп жатат:

- Булар баары сүйлөшүп алган. Бул ашкан кекселик. Булар сотко берет. Сот Кодексте туура жазылган. Ошондой болуш керек деп коет. Анын биз президентке барабыз. Президентке барсак, мен соттун чечимин эчтеке кыла албаймын. Мына сот чечип койду. Мен алардын чечимин жокко чыгара албаймын Сот мага баш ийбейт деп коет. Бул жерде саясий оюн болуп жатат.

«Эркиндик» партиясынын лидеринин пикиринде, 11-партиянын бойкот жарыялап, шайлоого катышпай коюусу да туура эмес. Анткени анда «булар жеңилеерин билип барбай коюшту» деген айыптоо айтылат.

Бул арада юстиция министри Марат Кайыпов БШКнын 0.5% кабыл алган чечими туура экенин тастыктаган билдирүү таратты. Коммунисттик партиянын лидери Исхак Масалиев БШКнын чечим жакпасын айтып, буларга токтолду:

- БШКнын чечими мага саясий партиянын лидери катары жакпайт. Бул бардык партияларга оорчулукту алып келет.Мисал катары айтып кетсек, ошол эле Нарын, Талас облусун алсак. Ал жерлерде шайлоочулардын саны аз да. Таласта мисалы 120 миңге жакын шайлоочу бар.Катышуучулар 70-80 миң болсо, 14 миң алыш өтө кыйын болуп турат. Бирок бир нерсени эске алыш керек. Принципиалдуу болобуз десек, анда башынан бекем туруш керек эле. Анда Конституциялык соттун парламентти таркатуу чечимин, кийинки референдумдун жыйынтыктарын туура эмес деп, анда ошол процедураларды бойкот жасап, 21 партия сүйлөшүп туруп чыгып кетсе, анда таасири бар саясий кадам болот.Ага макул болбосо, анда кайсы бир партия БШКнын чечимин сотко бериш керек.

XS
SM
MD
LG