Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Т.ИШЕНКУЛОВ: БААРЫБИР БИЙЛИК ПАРТИЯСЫ УТУП ЧЫГАТ


Белгилүү журналист, легендарлуу парламенттин депутаты Тилектеш Ишенкулов таңкы «Азаттыкка» жакында боло турган шайлоолор боюнча ой пикир бөлүшкөн.

- Өзүңүз билесиз, ар бир шайлоо өнөктүктөрү чыр-чатактар менен уланып келе жатат. Өтө турган парламенттик шайлоо кандай өтөт деп ойлойсуз?

- Адамзат өзүнүн саясий коомдук турмушунда ар кандай институттарды ойлоп таба баштагандан бери, бирден бир көрүнүктүү демократиялык жолдун үлгүсү катары - шайлоо системасы эсептелет. Бул бардык жерде өткөрүлүп жүрөт. Бирок, тилекке каршы бардык жерде эле бул эл каалагандай, адамдар өзүлөрү самагандай, тартип тазалыгын сактап өтпөй жатканына биз күбөбүз. Азыркы өтө турган шайлоо биздин Кыргыз Республикасы үчүн, жалпы калайык калк үчүн өтө маанилүү учур болуп эсептелет. Эмне дегенде тарыхта эң биринчи ирет биз партиялык тизме боюнча шайлоого өтүп жатабыз. Мурда мындай окуя биздин тарыхыбызда болгон эмес. Ошондуктан буга эки эселенген маани, эки эселенген күч берип, элдин пикирин өзүнө тартып турган көрүнүш болуп жатат. Жалгыз гана биздин элибиз эмес, кошуна мамлекеттер, ошондой эле эл аралык коомчулук да кулак салып турган учур. Адегенде начар башталды деп айтса болот. Анткени, бири-бири менен жулмалашып, тытышып, бири-бирине арыз жазышып, Борбордук шайлоо комиссиясына дооматтарды коюп, тизмеге кирген элүү партиядан беш-алтысы каражаттарыбыз жок деп чыга баштады. Мына ушулардын баары эле ээрге мингенде эле кыйшык отурган дегендей көз карашты туудуруп жатат.

- Шайлоого катышып жаткандар президент административдик ресурсту күчтүү пайдалана баштады, БШК чөнтөк уюмга айланды деген пикирлерди айтып жатышат. Ушундай негизде алып караганда келерки парламент кандай болушу мүмкүн. Саясий күчтөрдүн тең салмактуулугу кандай болот?

- Менин бир гана так кесе айта турган оюм бар. Кандай заман, кандай мезгил болгондо да эртеңки боло турган шайлоодо бийлик тараптан уюштурулган “Ак жол” деген партия биринчи орунду алат. Ал эми азыркы учурда саясат таануучулар, социологдор ар кандай пайыздарды көрсөтүп жатат. Алтымыш деп, жетимиш деп кетип жатат. Кандай болгондо да баары бир буларга жеңиш даярдалып, чөнтөккө салынып турат деп айтсак жаңылыштык болбойт. Эмне дегенде жаңыдан түзүлө калган партия болду. Коомдук уюм катары элге белгилүү болгондон кийин жыйырма үч күндөн кийин өзүнүн курултайын чогултуп, шайлоого барабыз, саясий партия болобуз деп жарыялап ташташты. Экинчиден, президенттин сөзү менен президенттин оозу менен бул жалпы элдик партия, эл үчүн иштей турган партия деп ураан ташталды. Ал эми калган партиялар деле элдик партиябыз деп кыйкырып жатышпайбы. Кандай болгон заманда да президенттин партиясы деп аталган “Ак жол” жеңишке жетет. Ал үчүн баардык колдо болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонушат. Аны да көрүп жатабыз. Тымызын үгүт-насыят иштери жүргүзүлүп жатканы баарыбызга маалым. Ошол учурда башка партияларды жамандап, каралап жаткандыгы боюнча фактылар абдан көп. Гезит бетине да жазылып жатат. Эмки келе турган парламентте депутаттар ар кандай болот. Бирок, негизги үстөмдүктү баары бир бул бийликтин, башкача айтканда Бакиевдин “Ак жол” партиясы ээлей тургандыгында кенедей да талаш жок.

- Тилектеш мырза, айтсаңыз ошондой болгондо мисалы, азрыкы парламентти чукул шайлоонун башкы максаты өлкөдөгү жана бийликтер ортосундагы чыр-чатактарды тынчытуу деп айтылбады беле. Ошол кризисттен чыгууга шарт түзө алабы?

- Тилекке каршы андай болбойт го. Парламентти башынан бери көрүп келе жатабыз. Адегенде эле баары татынакай түрдө түзүлө калгансыйт. Анан бир топ убакыт өткөндөн кийин бири-бирин жакаламай, бири-бирине акаарат келтирмей башталат. Бул биздин улуттук менталитетибизге да айланып калды. Ошондуктан баары бир обонду созушуп, бир музыкага бийлейт деп айтуу бул абдан чоң жаңылыштык болоор эле. Андыктан тең салмактуулук, стабилдүүлүк, ынтымак-ырашкерликти камсыз кыла турган парламентти күтүүгө болбойт. Баары бир алардын ичинде тигил же бул партиянын аздыр-көптүр өкүлдөрү кирет.

- Куруп берген маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG