Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

ГРУЗИЯ ЖАНА УКРАИНА: ЫҢКЫЛАПЧЫЛ ЖЕТЕКЧИЛЕР, УБАДАДАН ТАЖАГАН ЭЛ


Венера Сагындык кызы, Парага Грузия менен Украинадагы жибек жана саргылт ыңкылаптар мурдагы Советтер Союзунун кеңири аймагына Батыштык чыныгы демократияны жайылтат деген үмүттү жандырган эле. Азыр бул эки өлкөдөгү ыңкылаптардын кезектеги мааракеси чукулдап калганда, андагы зор үмүт менен таттуу кыял – ушу тапта күмөн саноо, санааркоо маанайы менен алмашканы айкын болуп отурат.

Эки жыл удаа ноябрдын аягында Тбилиси менен Киевдеги башкы аянттарда эл толкуп, жалындуу сөздөр, жаркын келечекти убада кылган кыйкырык ураандар сайран куруп турган эле. 2003-жылдын ноябрь айында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы эл толкуп көтөрүлүп отуруп, жибек ыңкылаптын аркасында бийлик алмашылганда, Грузия - Кавказда жаңы үмүт жандырган мамлекет аталган.

Андагы оппозиция лидери, айбаттуу үнү, чечкиндүү сүрү менен элди өзүнө тарта билген Михаил Саакашвили коррупцияны жок кылып, эл камын ойлогон демократиялуу, калыс бийлик орнотобуз, калктын турмушун жакшыртабыз деп бийик убадаларды аянбай айтып турду.

- Биз Грузин саясатына жаңы кан жүгүртүп, акмактар менен коррупциялашкан депутаттарды, элди ойлобогон министр жана башка жетекчилердин баарын кетиребиз.

Бул Саакашвилинин жибек ыңкылап маалында айткан сөзү.

Андан бир жыл өткөн соң Украинада саргылт түстү символ кылып тандап алган оппозициячылар он миңдеген кишилердин колдоосу астында Киевдеги Майданды басып алып, суукка карабай көгөрүп отуруп, мөөнөтсүз шайлоо өткөрүлүп, Виктор Юшенко президент болуп чыга келген. Айтор, элдик толкундоолордун шарапаты менен бийликке келген Саакашвили менен Юшенко өз өлкөлөрүн демократиялаштырып, өнүгүүнү ыкчамдатып, жакынкы келечекте трансатлантикалык бирикмелерге кошулууга сөз беришкен. Алар АКШ жана Европалык саясатчылар тарабынан мактоого бөлөнүп, 2005-жылы Тынчтык жаатындагы Нобель сыйлыгына көргөзүлгөн.

Бирок, турмуш алар берген убадалардан алда канча башка нукта өнүгүп, андан бери Украина менен Грузия экөө бирдей саясий кризисти баштан кечирди. Киевде саргылт ыңкылапчылар лагеринде араздашуулар башталып, өкмөттү 2004-жылкы окуялар маалында башкы антиреволюционер аталган Виктор Янукович башкарууда. Грузияда жакында эле дагы бир революция боло жаздап, оппозиция “азыркы бийликтен элди сактап калалы” деген ураан көтөрүп, Саакашвили оппозициянын кысымы алдында мөөнөтсүз президенттик шайлоо чакырууга аргасыз болду.

Бир катар серепчилер Киевдик аналитик Иван Лозовый сыяктуу Грузия менен Украинадагы соңку кризистер – көп жагынан эки жетекчинин жеке адамдык мүнөзүнө байланыштуу болду деген пикирде.

- Юшенкону алсак, мүнөзү бош жана саясатчы катары алсыз болуп чыкты. Саакашвили болсо, айтканын бербеген кежир, так азыр гана менин айтканымдай кылгыла деп тура берет.

Эксперттер ошондон улам Украинада – жумшак мүнөздүү жетекчилик жетиштүү реформалар жүргүзө албай жатат, Грузияда кежир президент бат эле баарын жасап ийем деп таскак басып, далай проблемалар жаратууда деп эсептешет. Албетте, андан сырткары Украинада регионалдык бөлүнүү, Грузияда сепаратисттик чөлкөмдөр өңдүү тамыры терең проблемалар козголбогон бойдон. Элдин сүрөөнү менен бийликке келген эки жетекчиден коомчулук чукул өзгөрүүлөр, турмуштун кескин оңолуп кетишин күткөнү да алардын ишине кошумча басым көрсөткөнү жана дагы да көрсөтө берээри талашсыз.

XS
SM
MD
LG