Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

17:36 БШК парламенттик шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлери менен маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө эскертүү берүүдө


БШК шайлоо кодексинин 28-беренеси боюнча чукул парламенттик шайлоого катыша турга саясий партия расмий каттоодон өткөн соң, партиялык тизмеде көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматкерлер жана маалымат каражаттарында иштегендер 5 күн ичинде кызматын бошотуп, тиешелүү документтерди Боршайкомго алып келүүгө тийиш деп эскертет. Бул жобо КРнын президентине жана жогорку кеңештин депутаттарына тиешелүү эмес. Буга чейин БШКга бейөкмөт уюмдардан айрым саясий партиялар шайлоо кодексинин 28-беренесин бузуп жатышат деген доо-арыз түшкөн. Комиссиянын маалымат кызматынын кабарлашынча, учурда расмий каттоодон “Ата мекен” жана Кыргызстандын коммунисттер партиясы гана өттү, андыктан мыйзам бузуулар болуп жатат деп айтууга негиз жок. (JTo)

XS
SM
MD
LG