Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

Ондон ашуун саясий партиянын өкүлдөрү 0.5% маселеси боюнча президент менен жолугушуу ниетин билдирген. Бирок, 22-ноябрда президенттин маалымат кызматынын өкүлү андай жолугушуу болбой турганын ачыктады. Ал эми бийлик түзгөн «Ак жол» партиясы БШКнын чечимин сотко берип, бирок судьяларга басым жасалат деген жүйөө менен кайсы сотко беришкенин ачык айтуудан баш тартууда.

Президенттик администрациянын атын атагысы келбеген кызматкеринин маалымдоосуна караганда, бир катар саясий партиялардын күтүп жаткан президент менен жолугушуусу болбойт. Маалымат булагы жолугушуунун болбой калышынын себеби тууралуу айткысы келбегинин ачыктады.
Саясий партиялардын өкүлдөрү мамлекет башчысы менен жолугушуп, БШКнын 0.5% боюнча токтомун жокко чыгаруу өтүнүчүн жеткирүү чечимине 20-ноябрдагы жолугушууда келишкен. Андай жолугушууга даярдыгын «Асаба», «Эркиндик» партияларынын лидерлери билдирген. Бирок «Ата мекен» партиясынын өкүлү Кубатбек Байболов алар президент менен жолугушууга башынан эле аракет кылышпаганын билдирди:

- Жолугушуу демилгесин биз көтөргөн эмеспиз. Биз билдирүүгө кол койдук. Анан жолугууну максат кылган эмеспиз. Жолугабыз деген партиялар мүмкүн жолугаар. Бизге маселе башынан айкын болгон. Кээ бирөөлөр президент бул маселени билбейт, БШК өзү эле жасап жатат деп ойлоп жүрүшү мүмкүн. Биз андай ойдон алыс элек, ошондуктан жолугушуу демилгесин көтөргөн эмеспиз.

«Ата мекен» партиясы үчүн 0.5% бөгөт коркунуч эмес деген Байболов буларды белгиледи:

- Биздин партия үчүн ал бөгөт актуалдуу эмес. Биз акыйкатсыздык, мыйзамсыздык болгону үчүн каршы чыгып жатабыз. Ал эми өтө албай калам дегендер, чындап өтө албай калчулар-мына ошолор жүгүрө берсин.

Кубатбек Байболовдун айтымында, «Ата мекен» партиясы мындан ары 0.5% маселеси боюнча демилге көтөрүп, жыйын курууга аракет жасабайт.

“Асаба” партиясынын лидери Азимбек Бекназаров болсо президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов президент менен жолугушуунун болоор-болбосу тууралуу маалымат бере электигин, ошондуктан азырынча эч нерсе айта албасын белгиледи.

Бир катар саясий партиялар БШК кабыл алган 0.5% чечимди президенттин жардамы менен жок кылууга аракеттенип жатса, “Ак жол” партиясы ал маселени сот аркылуу чечүүгө киришип, сотко кайрылган. Бирок «Ак жол» партиясы кайсы сотко бергенин, маселе качан каралаары тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда. Партиянын басма сөз кызматынын өкүлү Аблабек Жумабаев:

- Биз ал маалыматты азыр ачпайбыз. Эгерде ачык айтсак, сотторго басым башталат. Соттор тиги тараптан да, бул тараптан да басымы жок карап чыгышсын. Андан кийин жыйынтыгын айтабыз. Он күндүн ичинде карайбыз дешти. Анан кайсы күнү карай бүтүшөөрүн айта албайбыз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG