Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

7:00 Равшан Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты саясий себептер менен байланыштырууда


Учурда АКШда окуп жаткан мамлекеттик мүлктү башкаруу жана инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси Равшан Жээнбеков “Азаттыкка» берген маегинде өзүнө издөө салынганынан кабары бар экенин, чек ара кызматтарына 3-4 жума мурда «Жээнбеков Кыргызстанга келген учурда кармайсыңар» деген жашыруун көрсөтмө берилгенин, бирок ага карабай жакында мекенине келээрин айтып, «эч кандай күнөөм жок, мага козголгон иш саясий шантаж» деп билдирди. Кечээ айрым маалымат каражаттары Равшан Жээнбековго издөө салынганын, ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып боюнча каржы полициясы кылмыш ишин козгогонун жазып чыгышкан. Равшан Жээнбеков “Атамекен” партиясынын атынан парламенттик шайлоого баруучу талапкерлердин катарында катталган. (SM)

XS
SM
MD
LG