Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

23-НОЯБРДАГЫ ТАРЫХ ОКУЯЛАРЫ


Сырдарыя областынын аскер губернатору 1874-жылдын 23-ноябрында Кокон хандыгындагы көтөрүлүштүн чыгыш себебин аныктаган. Тажикстан парламенти 1992-жылдын 23-ноябрында чукул жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Кыргызстан бийлигине кайрылды.

Сырдарыя областынын аскер губернатору 1874-жылдын 23-ноябрында Кокон хандыгындагы көтөрүлүштүн чыгыш себебин жана маанисин баяндап, Түркстан генерал-губернаторуна билдирүү жолдогон. Анын билдирүүсүнө караганда кокон ханы көтөрүлүшкө катышкандарга деп өзүнчө салык салып, хандыктагы калктын абалын андан да оордоткон. Кокон ханынын залимдигине чыдабаган кыргыздар, эл-жерин таштап Олуяата уездиние жер которушкан. Кыргыздардын Олуяатага көчүп келгендигин, уезддин начальниги да аныктаган.

Кыргыз АССР Элдик комиссарлар кеңешинин 1930-жылдын 23-ноябрдагы чечими менен «Чөлкөм таануу жана билим берүү боюнча Кыргыз илим-изилдөө институту» кайра уюшулуп, анын базасында мал чарбачылык секциясы ачылды. Мал чарбачылык секциясынын ачылышы менен республикада асыл тукум малды асыроого жана жаңы пародаларды чыгаруу багытында илим-изилдөө иштери жүргүзүлө баштаган.

Советтер Союзу тарап, эңсеген эгемендик айдыңы менен 90-жылдын башталышында Тажикстанда граждандык согуш оту тутанды. Бийлик талаш айынан өлкө экиге бөлүнүп, бейкүнөө адамдардын каны аккан маалда, Тажикстан парламенти 1992-жылдын 23-ноябрында чукул жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Кыргызстан бийлигине кайрылды. Тажикстан парламенти Кыргызстандан биринчи кезекте кандуу кагылышты токтото турган аскер контингентин киргизүүнү суранган.

2003-жылдын бу күнү кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавлянов авто кырсыктан каза болду. Ж. Мавлянов 1923-жылдын 23-октябрында жарык дүйнөгө келип, анын киндик каны Жаңы жол районунун Кош төбө айлына тамган. Ал убагында «Мугалимдер газетасынын» редактору, Кыргызстан жазуучулар кошунунун катчысы, кийин төрагалык милдетин аткарып, «Нан», «Жалгыз бутактуу арча», «Ачык асман» сыяктуу чыгармаларды жараткан.

«Аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүүнү токтотуунун улуттук механизмдерин өркүндөтүүгө» арналган улуттук форум 2004-жылдын бу күнү Бишкекте салтанат менен ачылды. Улуттук форумду БУУнун аялдарды өнүктүрүү фонду, «Сорос-Кыргызстан фонду» Аялдар, үй-бүлө жана гендер маселелерин өркүндөтүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы жана бир канча бейөкмөт уюмдар уюштурган.
Бул күнү, 1748-жылы француз композитору Этьенн Флоке, 1800-жылы орус тарыхчысы Михаил Погодин, 1837-жылы нидерланд физиги Ян Ван-дер Ваальс, 1875-жылы советтик коомдук ишмер Анатолий Луначарский, 1876-жылы испан композитору Мануэль де Фалья жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG