Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

ЭКС-ГУБЕРНАТОР ЭМНЕГЕ САБАЛДЫ?

  • Ырысбай Абдыраимов

22-ноябрь түн ичинде Бишкектен келаткан чукул кырдаалдар министринин орунбасары Жусупжан Жээнбековду Жалалабат облусунун Каракөл шаарында белгисиз жигиттер сабап кетишкен. Социал-демократиялык партиянын 2-тизмесинде турган депутаттыкка талапкер, аталган инцидентти саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырды. ”Мекен биримдиги” партиясынын лидери болгон Жээнбековдун тарапкерлери аталган окуя боюнча тартип сакчылары эч кандай иш жүргүзбөгөнүн айтышса, облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы Каракөлдө жогорудагы кылмышка шектүү катары төрт адам кармалганын билдирди.

Чукул кырдаал министрлигинин орунбасарлык кызматынан бошоп келаткан Жусупжан Жээнбеков, бейшембиге оогон түнү Каракөл шаарына токтогон. Ал башкарган “Мекен биримдиги” партиясы социал демократиялык партияга кошулуп, соңку партия талапкерликке сунуш кылган жүз адамдын экинчи тизмесинде турат. Экс-губернатор Бишкектен бирге келаткан шериктери менен кофе ичип олтурганда алардын жанына алагүү болуп келген 7-8 жаш адамдын бири “Жалалабаттын кожоюну ким экендигин билип жүргүн!” деп айтып, Жээнбековду жакадан алып, караңгыга сүйрөп барып, уруп-тепкилешкен. Бейтааныш жигиттердин кол салуусун министрдин мурдагы орунбасары өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырды.

- Он бештей бала келип, “тилиңди тыйгын Жалалабаттын кожоюну бизбиз” деп жатпайбы. Түнкү саат бирде. Саясатта мынчалык болбойт да. Мени коркутпасын, мага тийишкен сайын мен курчуймун,- дейт Жусупжан Жээнбеков.

Аялдамада турган кишилер ажыратканына карабай, бейтааныш балдар экинчи ирет кол салмак болушкан. Жээнбеков ошол замат Каракөл шаар башчысы менен калаанын ички иштер бөлүмүнө жана чукул кырдаал министрлигинин шаардык бөлүмүнө окуя тууралы кабарлаган. Бирок, аны менен бирге жүргөн «Мекен биримдиги» партиясынын түштүк аймагындагы төрагасы Батыр Абдразаковдун айтымында, окуя болгон жерге келген шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөттөгү кызматкерлери эч кандай аракет жасаган эмес. Тармактык министрлик менен анын шаардык бөлүмү ал кызматтан бошоп кеткенден кийин ага жардам бере албай тургандыгын билдиришкен. Абдразаковдун белгилешинче натыйжада Жээнбеков жеңил түрдө, анын уулу катуу жаракат алган. Жээнбеков Ош шаарындагы үйүндө дарыланууда.

- Белгисиз жети-сегиз бала мас абалда жүрүшкөн экен. Алар ыңгайсыз суроолорун берип, Жээнбековдун желкесинен тартып, сабап, тепкилеп башташты. Жооптуу күзөтчү келди бир оокумда. Алар өзүлөрүнүн тобун чогултуп дүкөндүн жанына келишти. Бирок, эч кандай жыйынтык жок, балдар жок. Эч ким тааныбайт. Билбейбиз деген жооп болуп калды. Жусупжан Жээнбеков колунан жаракат алды. Анын баласын катуу нерсе менен башка уруптур. Башынан жаракат алды,- дейт «Мекен биримдиги» партиясынын түштүк аймагындагы төрагасы Батыр Абдразаков.

Бийликтин кемчиликтерин ачык айтып келаткан Жээнбековго кол көтөргөндөрдү таап жазалоо керек. Ички иштер уюмдарына ушундай талап койгон Жалалабат шаар тургуну Назира Рыскулованын баамында, буга чейинки белгилүү адамдарга кол салып, өлтүргөндөр табылбай келатат.

- Бул иш биринчи жолу эле эмес кайталанып келе жаткан иш. Мурдакыдай кылып калтырып койбостон жазасын берсин.

Атын атагысы келбеген аялдын оюнда түнү болгон чыр-чатактын белгисиз себептери болуусу мүмкүн.

- Тааныбаса келип уруп кетиши мүмкүн эмес. Себеби, кандайдыр бир ортодо кайым айтышуу болуш керек. Бул жерде саясий оюн бар сыяктанат.

Окуяга саясий мүнөз менен бирге бейтаныш адамдардын бейбаштыгы деп баа берсе да болот. Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери окуя катталгандан бери иликтөө иштерин жүргүзүп, кечээ кылмышка шектүү адам катары 4 адамды кармашты. Тартип сакчылары жеринде жыйынтык чыгарган жок деген пикир туура эмес. Облустук ички иштер Башкармасынын маалымат катчысы Жылдыз Абдразакованын ушундай жообуна ылайык учурда тергөө иштери жүрүүдө.

- Балдар качып кеткендигине байланыштуу биздин балдар издеп таппай калышкан. Бул окуя боюнча азыркы учурда төрт адам шектүү катары кармалды. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө,- дейт облустук ички иштер Башкармасынын маалымат катчысы Жылдыз Абдразакова.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG