Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

КАЗАКСТАН: “ОЙЧУЛДАРДЫН” ЖАТАГЫ - ООРУКАНА


Казакстанда өзүн “философ” атаган чимкенттик саясий аналитик Нурлан Алимбековду бийликтер быйыл августта камакка алышкан эле. Бирок кийин аны туугандары психиатриялык ооруканадан табышты. Байкоочулар Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна төрага болгонго дама кылып жаткан Казакстанда эркин ойду ооздуктоо боюнча бийликтер кезектеги кампания башташты деп эсептешет.

Нурлан Алимбеков интернеттеги өзүнүн менчик сайтында президент Нурсултан Назарбаевди жана анын өкмөтүн сынга алган бир нече макалаларды жарыялаган. Кез-кезде өкмөттүн сайтына да тигил же бул маселе боюнча өз пикирин айтып, кат жаза коймой жагы бар эле. Бардык материалдарында ал өзүн саясий философ деп атап жүргөн.

Быйыл августта Чимкент областынын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү аны үйүнөн кармап кетишет. Жергиликтүү саясий “ойчулду” алар менчик вебсайтында окурман журтун улут аралык аразга тукурган, аларда диний жек көрүү сезимин козуткан, ошондой эле өкмөттү мазактаган деп айыпташкан. Мындай күнөөнү сотто далилдөө кыйын болорун билишкенби же башка да жагдай чыкканбы, айтор, Алимбековду жергиликтүү психиатриялык ооруканага мажбурлап дарылоого жөнөтүшкөн. Ошондон бери аны тууган-туушкандарына, жакындарына кем көрсөтүп калышты.

Алимбековдун тууган-уруктары, укук коргоочулар 20-ноябрь күнү Алматыда атайын маалымат жыйынын өткөрүшүп, анын тагдырына катуу камтамачылык билдиришти. Алимбековдун бир тууганы Оразымбет агасы Нурлан бала болуп башына жүк чыкканы акылы караптап, ой-тоону сүйлөп, оолжуп калган учуру дегеле болбогонун ырастады. “Акыл-эси жайында, дени-карды сопсоо. Эмне кылып, эмне койгонун таптак билет. Кайдан жүрүп анан ал “жинди” болуп калсын?!” – дейт Оразымбет.

Таптаза турган адамды кейбирге чыгарып салганы, мунусу аз келгенсип боорун сыртына сала сабап таштаганы үчүн Улуттук коопсуздук комитетинин офицерлерин Оразымбет сотко бергенин кабарлады. “Жетим кабыргасын сындырып салышкан экен, үч айдан бери кыйналып жүрөт. Уруп-тээп жатып, эки кашка тишин да талкалап салышкан”,- дейт Оразымбет.

“Азаттыктын” кабарчысы иштин чын-төгүнүн сураштырып, Улуттук коопсуздук комитетинин түштүк областтык бөлүмүнүн басма сөз катчысы Тасгымбаевга кайрылганда, ал бул окуя боюнча кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн караманча баш тартты.

Журналисттердин укугун коргоо боюнча Алматыдагы коомдук уюмдун башчысы Розлана Таукина интернет аркылуу ким бирөөгө кат жөнөтүү кылмышка жатпай турганын, бу жагынан Алимбековдун күнөөсүн далилдөө дегеле мүмкүн эместигин белгиледи.

Соңку кездери Казакстанда президентти, өкмөттү ачык сынга алган бир катар интернет сайттары иштебей калды, оппозициялык айрым басылмалар жабылды. Байкоочулар мунун баарын бийликтердин эркин ойду ооздуктоо боюнча кезектеги өнөктүгү катары баалап жатышат. Бул учурда болсо Казакстан 2009-жылы ОБСЕге төрагалык кылганга талапкерленүүдө.

XS
SM
MD
LG