Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

БУУ: ИРАНДЫН ӨЗӨКТҮК ПРОГРАММАСЫНЫН МАКСАТЫ БҮДӨМҮК


Кечээ Венада Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин Иран маселесине арналган 2 күндүк жыйыны башталды. Өткөн жумада МАГАТЭнин жетекчиси Мухаммед Эл Барадейи жарыялаган отчетто Иран өзүнүн өзөктүк программасы туурасында маалымат берүү жагынан бир аз жылыш жасап, бирок Улуттар уюмунун талабына баш ийбей уранды байытуу ишмердигин тескерисинче кеңейткени айтылат.

Венадагы жыйында Мухаммед Эл Барадейи МАГАТЭ азыр Ирандын өзөктүк программасы тууралуу былтыркыга караганда азыраак билет деп белгиледи. Анын айтымында, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин колунда Иранда жашыруун өзөктүк материалдар жок экенин далилдеген документтер жок болгондуктан, Тегерандын бул программасы жалаң тынч максатты көздөйт деп айтууга негиз жок. Эл Барадейи учурдан пайдаланып, Ирандын жетекчилерин МАГАТЭ менен тыгыз кызматташууга чакырды.

Ушул эле күнү Ирандын өзөктүк программасы боюнча атайын чабарманы Саед Жалили эмки жумада Лондондо Евробиримдиктин тышкы саясаты боюнча жооптуу өкүлү Хавьер Солана менен жолугуша турганын билдирди.

- Солана мырза менен сүйлөшүү өткөрүү туурасында биз өз ара бирдей пикирдебиз. Жардамчыларыбыз макулдашкандай, сүйлөшүү келээрки жума күнү Лондондо улантылат.

Ошол сүйлөшүүлөрдөн кийин Солана Иран уранды байытуу иштерин качан токтотоорун, же дегеле токтотуу ниети бар-жогу тууралуу маалымат берип, ага жараша алдыңкы өлкөлөр Тегеранга карата көрүлчү чараларды караштыраары күтүлүүдө. Буга чейин Евробиримдик Иран байытылган уран өндүрүшүн токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр баштаса, өлкөгө саясий жана экономикалык жардам көрсөтүүнү сунуш кылган, Тегеран ал сунушту четке каккан.

Тегерандын чабарманы Саед Жалили Иран өзөктүк программасынын тегерегиндеги кризис акыры дипломатиялык жол менен жөнгө салынат деп ишенээрин белгилей кетти.

- Менде бул маселе боюнча жаңы идеялар бар, аларды биз кийинчерээк талкуулайбыз. Келечекте биз сүйлөшүүлөрдү сөзсүз улантабы. Тигил тараптагылар да ушундай көз карашты карманса, кызматташтык акыры өз жемишин берет.

Ирандын өкүлү “маселеге Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешин аралаштыруунун кажети жок, бул кийлигишүү канчалык эрте токтотулса ошончолук пайдалуу”, - деп кошумчалай кетти. Коопсуздук Кеңеши жыл башынан бери Иранга каршы 2 ирет жумшак санкциялар кабыл алган. Ушу тапта АКШ, Британия жана Франция Тегеран андан бери Улуттар уюмунун талаптарын аткарган жок деп, Иранга каршы катаал чаралар кабыл алууга үндөп жатат. Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө Орусия менен Кытай андай чаралар пайда алып келбейт, Иран менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарыл деген пикирде.

Өндүрүлгөн мунайдын көлөмү боюнча дүйнөдө 4-орунду ээлеген Иран кара майды чет өлкөлөргө сатып, өзөктүк программасынын жардамы астында жергиликтүү калкты энергия менен камсыздоого кызыкдар экенин айтат. Батыш өлкөлөрү Тегеран ал программасына жамынып алып, атомдук курал даярдап жатат деп шектенет. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Венадагы жыйында - Ирандын буга чейинки башка тармактардагы жашыруун ишмердигин эске алганда, анын өзөктүк программасы жалаң тынч максатты көздөйт деп айтууга азырынча далил жок деп эскертти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG