- Эсеп палатасынын текшерүү тартиби кандай. Сиз төрайым болуп турган учурда текшерүү жүрдү беле ушул сыяктуу?
- Ооба. Өткөн жылдын апрель айында текшерип кетишкен. Жаңылыштык эмес, бул атайын жасалган иш болчу. Каралоо максатында. Эсеп палатасы “Агым” гезитине жарыя болоору менен келишти. Текшерүү жүрдү. Менин колумда эсеп палатасынын актысы бар.
- Маалымат каражаттарын сиз сотко берем деп билдирдиңиз эле. Ал маселе кандай болду же токтотуп койдуңузбу?
- Жок, токтоткон жокмун. Телеканалдар менин суроомо жооп бербей жатышат. Маалыматтарын бербей жатышат. Азыр менин билишимче дагы бир маалымат каражаты бар экен ошондой маалыматтарды архив кылып чогулткан. Андан тышкары биздин адвокаттар ошол иш аракеттерин жүргүзүп жатат. Жакын арада иш сотко ашырылат.
- Муну сиз бийликтин кысымы катары баалап жүрбөйсүзбү. Ким кастарын тийгизиши мүмкүн сизге?
- Муну мен айтпай эле азыркы шаар мэри Данияр Үсөнов шаардык кеңешинин депутаттарынын дээрлик баардыгы менен сүйлөшкөндө айткан да “бул мага акүйдөн берилген тапшырма, Байболованы Шаардык Кеңештин төрайымынан жоготуш” деген.
- Дагы бир маселени козгой кетеличи сиздин кабарыңыз болсо керек. Шаар жарандарынын нааразылык акцияларына чыгуу тартибин иретке келтирүү боюнча демилге көтөрүп жатышыптыр. Бул 30-ноябрда каралат деген сөз болуп жатат. Сиз кандай көз караштасыз. Бул зарылбы бүгүнкү күндө?
- 2005-жылдын 11-январында № 12 токтом кабыл алганбыз. Кыргыз республикасынын жарандары Бишкек шаарынын территориясында нааразычылык иш чараларын жүргүзүшсө, Горький скверине барсын деген. 21-февраль 2006-жылы № 197 токтом менен бул токтом токтотулган. Себеби ошол учурда бизде депутат болуп иштеген Салиев азыр Октябрь районунун акими ушул маселени көтөрүп чыкканда ал айткан биз туура эмес кылыптырбыз, адамдардын конституциялык укугун чектөөгө аракет кылыптырбыз, ушул токтомду алып салалы деп депутаттардын бир добушу менен ошол токтомду жокко чыгарышкан.
- Эми айтсаңыз азыр деле ошол депутаттар отурат да. 30-ноябрда ошону колдооруна сиз ишенесизби?
- Мен өтө таң калып отурам. Азыр сессиянын материалдарын таратышыптыр. Мен кармап отурам. Горький скверине барасыңар десе эми жаңы документ боюнча Рыскулова деген көчөгө барып отурушат экен. Нааразычылык акциясына чыккандар.
- Эмне үчүн бийлик мындай аракеттерди жасап жатат?
- Шайлоодо сөзсүз түрдө административдик бурмалоо болот да. Сөзсүз түрдө нааразычылык акциялар болот. Бул борбордо эмес чет жакта болсун деген аракет да.
- Сизге ырахмат.