Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:07

10:40 Чолпон Баекова кызматын депутаттыкка талапкер болуп катталгандан кийин тапшырат


Бул тууралуу “Ак жол” партиясынын штабынан билдиришти. Маалыматка караганда ушул тапта БШК “Ак жол” партиясынын атынан парламенттик шайлоого баруучу талапкерлерди текшерүүдөн өткөрүп жатат. БШК тизмени каттаары менен мамлекеттик жана башка кызматтагы талапкерлердин баары жумуш ордун өткөрүп беришет, дейт партиянын жооптуу катчысынын орун басары Жангороз Каниметов. Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын кызматтан кетүүсүнө байланыштуу маселени мыйзам боюнча парламент кароого тийиш. Белгилүү болгондой Жогорку Кеңеш президенттин буйругу менен 22-октябрда таратылган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG