Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

12:15 Алмазбек Раимкуловдун ишин президент өз көзөмөлүнө алды


АКШда камакка алынган кыргызстандык боксер Алмазбек Раимкуловду бошотуу жана анын АКШдагы үй-бүлөсүнө жардам берүүнү президент тышкы иштер министрине тапшырды. Курманбек Бакиев ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йовановичке да боксердун иши боюнча көмөктөшүүнү өтүнүп кайрылды. Эки жумага мекенине иш сапар менен бараткан элчи айым АКШга барганда Кыргызстандын элчилиги менен кошо кыргызстандык жаранды бошотууга жана анын укугунун андан ары корголуусуна жардамдашарын билдирди, деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG