Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:02

13:55 Турсунбек Акун аракетсиздиги үчүн АКШдагы кыргыз элчилигин айыптады


Бул тууралуу КР президентинин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Ал кыргыз бийлиги кыргызстандык боксер Алмазбек Райымкуловдун камалганы тууралуу маалыматты кеч алуусуна АКШ элчилигинин аракетсиздиги себеп, деп билдирди. Укук коргоочу ошондой эле Алмазбек Райымкуловго байланыштуу ишти президенттин өзү көзөмөлгө алганын колдоп, мындан ары дүйнөнүн бардык булуң-бурчундагы кыргызстандык карапайым мигранттардын укугун коргоо иши жакшырат деп айтты. Алмазбек Райымкуловдун соту 27-ноябрда болорун белгилеген Турсунбек Акун анын укугун коргоо үчүн АКШга өзү баруусу мүмкүн экендигин кошумчалады.
Бүгүн “Жебе” жаштар кыймылы да АКШнын мамлекеттик департаментине, АКШнын Кыргызстандагы элчилигине Алмазбек Райымкуловдун камалышына байланыштуу тынчсызданган кайрылуусун жолдошту. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG