Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:08

16:15 Алмазбек Атамбаев: Ашгабат саммитинде Кыргызстандын кызыкчылыгындагы документтер кабыл алынбай калды


Кыргыз өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаевдин журналисттерге билдиргени боюнча Ашгабат саммитинде кыргыз тарап талкууга коюлган 27 документтин ичинен мигранттардын укуктук макамы тууралуу Конвенциянын кабыл алынышына кызыкдар эле. Анткени бул Конвенция мигранттардын КМШ өлкөлөрүндө жүрүү укугун жөнөкөйлөтүүгө негиз болмок. “Бул документ кабыл алынса, 500 миңден ашуун кыргызстандык мигранттардын укугун коргоп калат элек,”-дейт Алмазбек Атамбаев. Анын айтуусунда Конвенциянын кабыл алынышы Орусия тараптын өтүнүчү менен кийинкиге калтырылды. Орус тарап документ жетиштүү иштелип чыгууга тийиш деп эсептөөдө. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучунун белгилөөсү боюнча мигранттарга байланыштуу Конвенция КМШ өлкөлөрүнүн келерки 2008-жылы Минскиде өтүүчү саммитинде каралуусу мүмкүн. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG