Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

«Кинотасмалардын эстелиги» деген аталыштагы китеп отуз жылдан соң жарык көрдү. Анын автору Владимир Михайловдун айтымында, каражаттын жоктугунан кол жазма текчеде саргайып турган. 520 беттен турган кыргыз кино тарыхынын өтө сейрек кездешүүчү белгисиз жаңы барактарын, кино ишмерлердин тагдырын камтыган бул китепти “Кыргызкинематографисттер” кошуунунун төрагасы Таалайбек Бапанов өз каражатына чыгарган. Анын айтымында, ресторан, сауна курган кыргыз ишкерлери маданият, адабиятка көңүл буруп, таланттуу жазмакерлердин китептерин чыгарууга көмөк кылса, элге, келечек муунга пайдасы тиймек.

“Кыргызкинематографисттер” кошуунунун төрагасы Таалайбек Бапанов кыргыз киносу, белгилүү кино ишмерлердин чыгармачылыгы, тагдырын чагылдырган “Кинотасмалардын эстелиги” аттуу китеп отуз жылдан бери биринчи жолу жарык көргөнүн баса белгиледи:

- Отуз жыл жарыкка чыкпай, 1988-89 жылдан бери кол жазмасы текчеде турган, кыргыз кино өнөрүндөгү өтө сейрек тарыхый окуяларды камтыган китеп жарык көрдү. Бул Кыргызстан маданиятындагы олуттуу окуя десем жаңылышпайм. Китептин чыкпай калышына Советтер Союзунун ыдырашы, көркөм өнөргө мамлекеттин көңүл бурбай калышы, рынок шартында каражаттын жоктугу, деги эле ар кандай жагдайлар себеп болгон. Мен дагы бул кол жазма тууралуу кийинчерек угуп калып, автору Владимир Михайлов менен сүйлөшүп, өзүмдүн чөнтөгүмдөн каражат төлөп, китепти чыгарууну колго алдым.

Таалайбек Бапанов белгилегендей аталган китеп алгач жүз нуска менен орус тилинде жарык көрүп, жакын арада 500 нускасы басмадан чыгат. "Каражат таап кыргыз тилине котортобуз",- дейт Бапанов.

- Биздин бизнесмендер көбүнчө сауна, ресторан салып атат. Мен учурдан пайдаланып айтаар элем, искусство, адабият, тарых боюнча жазган таланттуу мыкты жазмакерлерге ишкерлер көңүл бурса. Мына ошолордун жазгандарын китеп кылып чыгарууга жардам беришсе, элге, коомго пайдасы тийет.

“Кинотасмалардын эстелиги” аттуу китептин автору Владимир Михайловдун айтымында, кыргыз киносунун тушоосу 1941-жылы 17-ноябрда кесилген делип, айтылып жүргөнү туура эмес. "Алгач кинотасма жөнүндө Кыргызстандагы маалымат тууралуу 1916-жылы чыккан “Кинохроника” гезитинде жазылып калган. Ал эми 1920-жылы жалпы Кыргызстан тууралуу этнографиялык сюжетти режиссер А.Тверский менен оператор С.Завадский тартышкан",- дейт Михайлов.

- Мени кубандырганы Кыргызстанда өтө бай архив бар. Мен көп изилдөөлөрдүн натыйжасында 1927-жылы “Чүмкөмө араба” деген көркөм тасма тартылганын, анда башкы ролду белгилүү окумуштуу Кусейин Карасаевдин байбичеси Айша Түмөнбаева-Карасаева ойногону боюнча матералды таптым. Ошондой эле 1923-жылы профессор Н.Корженевскийдин экспедициясында Памирдеги кыргыздар тууралуу өтө сейрек кездешкен тасма тартылган.Кыркынчы жылдарга чейин эле Кыргызстан жөнүндө бир нече даректүү тасмалар тартылганы архивде турат. Булар келечек муундарга табылгыс байлык.

Михайлов белгилегендей китепте колдонулган сүрөттөрдүн автору фотосүрөтчү Александар Федоровдун жеке архивинде киного тиешелүү он миңге жакын сейрек фото сүрөттөр бар. "Аны китеп кылып чыгарууга каражат жок",- дейт Михайлов.

“Кинотасмалардын эстелиги” китебинде кыргыз мультипликациясынын күңгөй-тескейи тууралуу да кенен чагылдырылыптыр. Ал эми залкар кинорежиссер Төлөмүш Океев, Динара Асанова, Лиля Турусбекованын, кайталангыс таланттар Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадыловдун портреттери, алардын тагдыры, чыгармачылыгы жөнүндөгү макалалар китептин ажарын ачат.
XS
SM
MD
LG