Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Александр Литвиненконун киши колдуу болгонуна бир жыл толду


Орусиялык мурдагы чалгынчы, соңку жылдары Кремлди сындап келген Александр Литвиненко Лондондо радиоактвидүү полоний затына ууланып, каза тапкан эле. Литвиненконун жесиринин адвокаттары Адам укуктары боюнча Европалык сотко анын өлтүрүлүшүнө Орусиянынын катышы бардыгы боюнча кагаздарды жолдоду. Бирок Кремль мындай айыптоолорду төгүндөөдө. Москва британ тергөөчүлөрү Литвиненконун өлүмү үчүн шектүү адам катары атаган мурдагы чалгынчы жана азыркы ишкер Андрей Луговойду Британияга өткөрүп берүүдөн баш тарткан эле. Ал эми Луговойдун өзү Литвиненконун өлүмүнүн артында британ чалгын кызматтары турарын, мунун максаты Орусиянын дискредитациялоо экенин айтып чыкты.

XS
SM
MD
LG