Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Польша Ирактагы аскерлерин келерки жылы чыгарат


Ирактагы поляк аскерлери 2008-жылы чыгарыларын бүгүн өлкөнүн жаңы премьер- министри Дональд Туск ырастады. Бирок ал парламентке өкмөт башчысы катары алгачкы ирээт жасаган кайрылуусунда аскерлер келерки жылдын кайсыл мезгилинде чыгарыларын так айткан жок. Польшанын Иракта 900дөй жоокери бар жана алар өлкөнүн түштүгүндө жайгаштырылган. Польшанын жаңы премьер- министри бүгүн ошондой эле Ооганстандагы 1200 аскер ал жакта кала берерин билдирди.

XS
SM
MD
LG