Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

1930-ЖЫЛДАРЫ БОЛГОН УКРАИНАДАГЫ ЧОҢ АЧКАЧЫЛЫККА КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?


Каарманбек Кулуев, Бишкек 24-ноябрда Украинада 1930-жылдары орун алган массалык ачкачылык башталышынын 75 жылдыгы эскерилет. “Голодомор” деп аталган ал кыйын кезеңде үрөн аз себилип, түшүм чыкпаганы аз келгенсип совет бийлиги да элден түшүмдүн көбүн жыйнап алып, эл ачкачылыктан жапа чеккен.

Учурдагы Украина бийлиги муну эске алып, “Голодоморду” совет бийлигинин украин дыйкандарына жасаган геноциди деп атады. Москва өз кезегинде буга макул эмес.

“Голодомор” ачкачылыгын башынан өткөргөн украиналыктар башкалар көрбөгөн шумдуктарды айтып берчү: алар эмнени гана жегенге аргасыз болбоду - чымчыктарды, сөөлжан жана башка курт-кумурскаларды. Ал эми адам көз жумганда, аны жерге көмбөстөн, этин жешчү.

Мындай кайгылуу окуяларды эскерүү - учурдагы эгемендүү Украина бийлигинин “тарыхий чындыкты ачыкка чыгаруу” аракеттери деп эсептелет. “Голодоморго” арналган көргөзмөдө сүйлөгөн сөзүндө президент Виктор Ющенко мындай деди: “Өткөн трагедиялуу окуялардын курмандыктарын унуткан улуттун келечекте жолу болбойт.”

14 миллион адам Сталиндин коллективизациялаштыруусунун жыйынтыгы болгон ачкачылыктын курмандыгы болушту. Бул ачкачылык Казакстан, Түндүк Кавказ жана Орусиянын айрым жерлерине да тараган, бирок негизги кыйынчылык украиналыктардын башына түштү. Андыктан бүгүн Украинада "Голоморду" украин улутун жок кылуу аракети катары баалагандар арбын.

Москва Украинанын бул аракеттерин колдобойт. Президент Путиндин катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, бул – эки өлкө ортосундагы катнашты татаалдантууга болгон Киевдин дагы бир провокациясы:

- Бул аракеттер украин элинде орустарды жаман көрүү сезимин күчөтүү үчүн гана жасалып атат. Алар Орусияны душман катары көрсөтүү үчүн гана тарыхты кайра өзгөртүп жазышты. Мунун баары калп. "Голодомордон" украиналыктар эле жапа чеккен жок, ал башка союздук өлкөлөрдө да изин калтырды. Бул бир улуттун эле капасы эмес.

- Бул маселе боюнча айтышуу орунсуз. Ал айтышкандарды эле уят кылат,- дейт Украинанын Тышкы иштер министринин маалымат-катчысы Андрий Десчится:

- "Голодомор" геноцидби же геноцид эмеспи – бул талаша турган нерсе эмес.

Украина Парламенти "Голодоморду" 2006-жылы эле геноцид деп тааныган. Анда “ачкачылыктын себепчиси” деп Москва эмес, 30-жылдардагы Большевиктер күнөөлөнгөн. Бирок бүгүнкү күнү массалык ачкачылыктын себепкерлеринин саны эмнегедир кескин өсүп кетти. Орустардан тышкары, бул кырсыкта Америкалык журналист дагы күнөөлү болуп чыкты.

Нью-Йорк Таймс гезитинен кабарчысы Уолтер Дюрант 30-жылдары СССРдеги элдин жашоо-турмушу тууралуу макалаларды жазып Украинага келген. Бул макалалар түрмөгү үчүн ал публицистикадагы эң абройлуу деп эсептелген Пулитзер сыйлыгын алган.

Азыркы айрым Украиналык активисттердин айтымында ошол Дюрант дагы "Голодомор" үчүн күнөлүү, анткени ал өзүнүн макалалаларында бул ачкачылык тууралуу жазбай койгон. Жыйынтыгында, батыш бул көйгөйгө керектүү деңгээлде көңүл бурган эмес экен.

XS
SM
MD
LG