Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:05

Шайлоо кодексиндеги 16-декабрга белгиленген парламенттик чукул шайлоонун натыйжаларын аныктоо маселеси өтүп бараткан аптанын баш оорусуна айланды. Буга Борбордук шайлоо комиссиясынын түшүндүрмөсү түрткү берди. Анда республикалык тизмеге кирген шайлоочулардын 0,5 % добушун ар бир облустан жана Бишкек менен Ош шаарларынан топтой албай калган саясий партияларга мандат берилбейт деп жазылган. Саясий партиялардын басымдуу бөлүгү муну кол жетпес тоскоолдук катары баалап, БШК чечимин жок кылууну президенттен талап кылышты.

Референдум аркылуу кабыл алынган Шайлоо кодексинин кыргыз тилиндеги нускасынын 77-беренесинин экинчи бөлүмчөсүндө минтип жазылган: «Талапкерлердин тизмеси ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын добуштарынын 0,5 %дан азын алган саясий партиялар бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттык мандатты бөлүштүрүүдөн чыгарылат.»

Жобонун орус тилиндеги нускасына таянган БШКнын төрайымы Клара Кабилова түшүндүрмө берүүнүн себебин комиссияда жобо ар башка чечмеленип жатканы менен негиздеди:

- Бул талаш маселе эки жактуу түшүнүүдөн келип чыкты. Мен үчүн маселе жок. Мен бизде бир округ, бир тизме экенин так түшүнөм. БШКнын башка мүчөлөрүндө суроолор бар. Республика боюнча, бардык участкалык комиссиялар, бардык саясий партиялар үчүн бирдей колдонуу болсун учүн биз түшүндүрмө берүү жөнүндө токтом кабыл алдык.

Мындай токтомго каршы болгон БШК мүчөлөрүнүн өздөрүнүн негиздемелери бар. Алардын бири Акылбек Сариев, маселен, бул жобонун кесепети шайлоого аттанган бардык партияларга тийиши мүмкүн.

Чындыгында эле саясий партияларды бул чечим кыйчалыш жагдайга кирептер кылды. Анткени. Кыргызстандын жети облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында шайлоочулардын саны бирдей эмес. Мындай жагдайда, Нарын же Талас өңдүү шайлоочулары аз облустарда шайлоого барууга бел байлаган 22 саясий партиянын бардыгы эле 0,5 пайыз босогодон өтө алары арсар.

БШК түшүндүрмөсүн жарыялары менен Дароо чогулуп жыйын уюштурган 11 партия бийлик өз партиясын алдыга салуу, атаандаштардын караанын азайтуу максатында атайылап жасалма тоскоолдуктарга барып жатат деп жар салды. Алардын бири Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Искак Масалиев муну алдын ала ойлонулуп, атайын жасалган иш деп эсептейт.

Шайлоо кодексинин кыргызча нускасына таянган саясий партиялар ар бир облустун шайлоочуларынын 05% добушун алуу керек деген пикирде калышууда:

- Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамда, ченемдик жана укуктук актыда орус тилиндеги мыйзам дал келбей калса, кыргыз тилиндеги мыйзам түп нуска деп эсептелет. Биз ошолорду негиздеп жазып, экөөнүн салыштырмалуу талдоосун жазып, силер айтып аткан үтүр кыргыз тилинде жок, ошондуктан, бул ойлонуп чыгарылган нерсе деп, президентке далилдеп, бир сутка иччинде БШК чечимин жокко чыгарсын деп президентке бердик. Эмне дегенде түшүндүрө турган Жогорку Кеңеш жок болгондуктан, түшүндүрүү укугу президентке өтөт. Ошондуктан, президент муну чечмелеп, борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарышы керек.

Мындай пикирин «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери Азимбек Бекназаров 11 саясий партия аталган маселе боюнча чогулган жыйындан кийин билдирген болчу. БШКнын чечимине каршы болуп, жыйынга чогулган 11 партия, атап айтканда, «Арнамыс», «Ата мекен», «Асаба», «Ватан», «Туран», Жашылдар, Ардагерлер жана жаштар, Социал-демократтар, «ЭрК», «Эркиндик» саясий партияларынын катына президент Курманбек Бакиев жооп кайтарган жок. Партия лидерлери күткөн кабыл алуу да болгон жок. Саясий партиялар болсо мыйзамга түшүндүрмөнү БШК эмес, президент берүүгө милдеттүү болчу дешет. Мыйзамга түшүндүрмө берүүчү Жогорку Кеңеш азыр жок болгондуктан, бул милдетти президент кыйшаюусуз аткарышы керек эле дешет. Анткен менен президенттин унчукпай кутулушун саясий партиялардын кыйласы күтүлгөн көрүнүш катары карашууда.

Маселен, «Атамекен» партиясынын тизмесинде экинчи турган талапкер Кубатбек Байболов БШКнын түшүндүрмөсүн акүйдүн заказы деп эсептейт:

- Бул албетте, жетинчи кабаттан даярдалган жобо да. Муну баарыбыз жакшы билебиз. Болуп жаткан ар бир кыймыл-аракеттин бардыгы макулдашылган.

Анткен менен, президенттик администрация БШКнын акыркы чечимине обочо мамиле жасоого аракет кылууда. Юридика бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Шайлоо кодексинин 77-беренеси БШКнын кошумча түшүндүрмөсүнө муктаж эмес эле.

Ошол эле мезгилде БШКнын чечиминин мыйзамдуулугун алгачкылардан болуп Адилет министрлиги коргоп чыкты. Министр Марат Кайыповдун «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолоруна» берген жообуна караганда, 0,5 пайыз жарышка түшкөн саясий партиялар үчүн анча деле чоң чек эмес:

- Талдап келсек бул анча деле чоң чек эмес. Эмне үчүн? Себеби, кыргыз элин башкарам, бийлейм деген партия Кыргызстандын булуң-бурчунан ишенимге ээ болушу керек.

Ушуга эле үндөш көз карашын экс-мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров да билдирди:

- Эгер облустардан 0,5 пайыз топтой албаган партия болсо бул кандай бүткүл мамлекеттик аренага чыккан саясий партия болушу мүмкүн? Бул менимче, дагы бир кадам жанагыдай майда-барат партиялардын бардыгы биргелешип, келечекте Кыргызстанда бир беш-алты партия болот. Бизде 104 партия бар. Алардын ичинен 22 гана партия өттү.

«Ак Жол» саясий партиясынын тизмесинде экинчи болуп шайлоого бараткан Адахан Мадумаров ушинтип билдиргени менен, партия БШКнын чечимин жокко чыгаруу тууралуу арыз менен сотко кайрылды. Партия сотко берүүнүн чоо-жайы тууралуу эч кандай маалымат тараткан жери жок. Мындай сырды партия өкүлдөрү сотко кысым жасалбасын деген максат менен байланыштырууда. «Ак жолдун» өкүлдөрүнөн бирдиктүү макулдашылган пикирдин чыкпай жатышын оппозициялык бир топ лидерлер президенттик партиянын каруусу начар го деп да болжошууда. Мындай пикирин «Азаттыкка» Атамекендин тизмеси менен шайлоого бараткан Кубатбек Байболов билдирди.

Шайлоого байкоо жүргүзүп жаткан бир топ көз карандысыз ишмерлердин, саясатчылардын баамында президенттин партиясы алдын ала ойлонулган татаал технологиянын жетегинде иштеп жатат жана ал ийгиликке жетиш үчүн ар кыл саясий оюндарды жүргүзүп жатат дешүүдө. Алардын бири катары легендарлуу парламенттин депутаты Тилектеш Ишенкулов дал ушул 0,5 пайыздык босогону келтирди. Экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин көз карашында саясий оюндун башкы максаты максималдуу ийгиликке жетүү болуп жатат.

Анткен менен талдоочулар арасында 0,5 пайыздык чек шайлоо жыйынтыгында чоң чырга себеп болуш ыктымал деген көз караш басымдуулук кылууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG