Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:34

14:12 Өмүрбек Абдрахмановдун үстүнөн козголгон кылмыш иши жабыла элек


19-апрелдеги массалык баш-аламандыкты уюштурган деген айып менен Өмүрбек Абдрахмановдун үстүнөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш ишин козгогон. Учурда бул иш жабылган жок. Ушундай эле айып менен кылмыш иши “Бириккен фронттун” лидери Феликс Куловго, фронттун жаш канаты “Канжар” жаштар кыймылынын жетекчиси Адилет Айтикеевге да козголгон. Ал эми булар менен кошо айыпталгандардын бири, “Бириккен фронттун” штаб жетекчиси Өмүрбек Субаналиевдин кылмыш иши кыскартылып, өзү президент тарабынан мамлекеттик кызматка дайындалган. (AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG