Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:32

“Камбарата – 1” электрстанция курулушунун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга британиялык Mott MacDonald, канадалык SNC-LAVALIN INTERNATIONAL INC, франциялык EDF компаниясы катышуу ниетин билдиришти. Быйыл жайында “Камбарата” ГЭСтеринин курулушу тууралуу парламент тарабынан атайын мыйзам кабыл алынгандан кийин орусиялык “Интер РАО ЕЭС, казакстандык “КазКуат” жана кыргызстандык “Электрстанциялары” акционердик коому биргелешип орток шериктештик түзүшкөн. Мына ошол шериктештик алдында түзүлгөн конкурстук комиссия курулуштун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуучу компанияны декабрь айында аныктайт.

20-ноябрда «Камбарата - 1» ГЭС курулушунун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуучу компанияларды тандоо өткөрүлүп, ушу тапта көз карандысыз эксперттер келип түшкөн сунуштарды кароодо. Толук бир айдан кийин анын жыйынтыгы чыгарылып, «Камбарата - 1» ГЭС курулушунун техника-экономикалык негиздемесин ким иштеп чыгары аныкталмакчы. Кыргызстандын «Электрстанциялары» акционердик коомунун жетекчиси Сапарбек Балкибековдун айтуусунда, негиздеме иштеп чыгууга чет элдик үч компания катышуу ниетин билдиришти.

- Тендерге үч компания катышып жатат. SNC-LAVALIN дейт, бул канадалык компания. Андан тышкары Улуу Британиядан, Mott MacDonald, анан үчүнчүсү франциядан Electry De France деген компаниялар. 20 күнгө тайм-аут алдык. 20 күндө мына ушул берген сунуштарды изилдеп туруп ушул үчөөнүн арасынан бирөөн тендердин жеңүүчүсү деп жарыялайбыз.

Кыргызстандын өнөр жай, энергетика, отунсуу ресурстары министринин орунбасары Акылбек Түмөнбаевдин маалымдашынча, техника-экономикалык негиздеменин каржылык ыгым-чыгымын орусиялык «Интер РАО ЕЭС» казакстандык «КазКуат», кыргызстандык «Электрстанциялары» акционердик коому биргелешип түзгөн шериктештик төлөп, ал өзүнө уюштуруу милдеттерин алган. Акылбек Түмөнбаев «Камбарата – 1» ГЭС курулушунун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга бир жылга жакын убакыт сарпталат, дейт.

- Булар «Камбарата 1» ГЭС курулушун толук негиздейт. Канча турат, абалы кандай, канча кубаттуулукту бере алат, каякка жөнөтүлөт? Ушунун баары эсептелип чыгат. Банк техника-экономикалык негиздемесинде каржы-экономикалык негиздемеси толук камтылышы керек.

Техника-экономикалык негиздеме бир жыл ичинде даярдалып калса «Камбарата – 1» ГЭСинин курулушу 2009-жылдан башталышы ыктымал. «Электрстанциялары» акционердик коомунун жетекчиси Сапарбек Балкыбеков негиздемеде жалаң эле станция курулушу эмес, ал ишке киргенден кийин иштеп чыккан электрэнергияны керектөөчүгө кантип жеткирүү, анын өзүнө турган наркы так көрсөтүлөрүн кошумчалады.

- Андан чыккан энергияны кайсы жерге алып барыш керек? Сөзсүз түрдө 500 килоВольттук линия куруп, аны кайсы жерден иштеп жаткан линияга кошуу керек? Ушунун баары техника-экономикалык негиздемеде болот.

«Камбарата – 2» ГЭСинин биринчи агрегаты 2009-жылдын аягында ишке киришкени турат. Ага чейин Кыргызстан электрэнергиясынын тартыштыгына учурабайбы суроосуна «Электрстанциялары» акционердик коомунун жетекчиси С.Балкыбековдун берген жообу бул болду.

- Республиканын электрэнергияга болгон муктаждыгын 100% камсыздандырууга жетет. Эмки жылы сугат башталганда, биз коркуп жатабыз, суунун аздыгына байланыштуу Өзбекстан менен Казакстанга керек болгон сууну толук өлчөмдө бере албай калышыбыз мүмкүн. Керектүү өлчөмгө суу жетпей калабы деп коркуп жатабыз.

Нарын дарыясындагы эң ири гидрокурулушка болжол менен 2 миллиард ашуун долллар акча сарпталары кыйладан бери эле айтылып келатат. Быйыл узак талкуудан соң парламент мүчөлөрү жайкы эс алууга тарап кетер алдында «Камбарата – 1 – 2» ГЭСтеринин курулушу боюнча атайын мыйзам кабыл алып, аларды «Токтогул» катарындагы ГЭСтердин өзгөчө статусунан чыгарышкан.

Жыл аягында кыргыз өкмөтү курулушунун кыйласы бүтүп калган «Камбарата – 2» ГЭСине 300 миллион сом бөлүп, аны республиканын өз күчү менен аягына чыгаруу аракетине киришти. 2009-жылдын аягында ГЭСтин биринчи агрегаты ишке киргизилгенче курулушка баш-аягы 5 миллиард сом жумшалары, анын 3,5 миллиардын өкмөт бюджеттен, калганын «Электрстанциялары» акционердик коомунун каражаты менен бүткөрүлөрү маалымдалган.

2 ГЭС курулушу эриш-аркак жүрүп, станциялар курулуп калса, «Камбарата – 1» долбоорунун кубаттуулугу 1900 МВт, жылына 5,1 миллиард киловат саат электрэнергиясын иштеп чыга тургандыгы, ал эми «Камбарата – 2» 360 МВт, жыл сайын 1 миллиард ашуун киловат-саат электрэнергиясын иштеп чыга тургандыгы болжолдонууда.
XS
SM
MD
LG