Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:59

СССРдин эл артисти, профессор, кыргыздын тунгуч профессионал опера ырчысы маркум Сайра Кийизбаева тирүү болсо ушул тапта токсонго чыкмак.

1936-жыл. Октябрь айы. Ордо калаа Бишкекте эл чыгармачылыгынын республикалык олимпиадасы Кыргыз драма театрынын залында салтанаттуу ачылат. Олимпиаданын эң негизги максаты келе жаткан эл ичиндеги шайырларды жаңыдан түптөлүп жаткан улуттук профессионалдык музыкасына, театралдык өнөрүнө, келечеги кең жаш таланттарды тартуу, окутуу. Өнөр кенчи болгон калк арасындагы шайырлардын өсүшүнө камкордук көрүүгө арналган. Тунгуч олимпиадага Кыргызстандын бүтүндөй чар тарабынан 500дөн ашык ар кыл муундагы, түрдүү кесиптердеги “мен ырчы, комузчу, төкмө акын, кыл кыякчы, темир ооз комузчу, чоорчу, сурнайчы” дегендин баардыгы катышат. Эл шайырларынын бул чоң жыйыны бир жумага созулат. Кароонун үчүнчү күнүндө борбор шаарга жакалай жайгашкан Төкөлдөш айылында жашаган педагогикалык техникумдун чап жаак, сулууча келген келбеттүү, ичке белдүү, ак жуумал Сайра аттуу студенти сахнага чыга келди да, Эсенаалы Кушчуевдин айтылуу “Ой тобосу” менен Абдылас Малдыбаевдин ошол кездеги угуучулардын арасында жаңыдан гана ырдала баштаган “Гүл турмуш” аттуу ырын фортепианонун коштоосунда ырдап чыгат.

“Гүл турмуш”

Сөзү Жоомарт Бөкөнбаевдики. Обону Абдылас Малдыбаевдики.


Мына биздин гүл турмуш,

Гүл турмуш, гүл турмуш.

Гүл турмушта жадырап,

Күлө турган кез ушул,

Күн нурундай сайрандап,

Жүрө турган кез ушул.


Мына биздин гүл турмуш

Гүл турмуш, гүл турмуш.

Эл достугу аскадай,

Бузулбаган кез ушул.

Эркин учуп туйгундай

Кыз ырдаган кез ушул.


Мына биздин гүл турмуш,

Гүл турмуш, гүл турмуш.

Тоонун жашыл гүлүндөй,

Өмүр өскөн кез ушул,

Толкуп жаткан деңиздей,

Көңүл өскөн кез ушул.

Жаш ырчынын шаңкылдаган мукамдуу, тунук үнү, жаадыраган жүзү угуучулар менен калыстар тобуна аябай жагат. Кароонун жыйынтыгында Сайра Кийизбаева биринчи сыйлыкка, жеңишке ээ болот. Калыстар тобунун чечими менен драма театрынын алдындагы студиядан окууга сунушталат. Бир эле мезгилде ага кыргыз драма театрында алгачкы жолу даярдалып жаткан В.А.Власов менен В.Г.Ференин “Алтын кыз” музыкалуу драмасындагы Ажардын, В.Власов, А.Малдыбаевдин, В.Ференин “Айчүрөк” операсындагы баш каарман Айчүрөктүн ролдорун сахнага алып чыгуу тапшырылат. Жаш шайыр сахналык тажрыйбасы жок болсо да жогоруда аталган каармандардын образын көрүүчүлөр күткөндөй деңгээлде алып чыгат. Ошентип, Сайранын сахнадан тушоосу кесилет. Ал талыкпаган эмгектенүүнүн, тынымсыз изденүүнүн аркасында кыргыздын эле эмес, дүйнөлүк ысымдагы композиторлордун операларындагы башкы каармандарды биринен сала бирин аткарат. Көрүүчүлөрдүн бирден-бир сүйүктүү ырчысына айланат.

- Кайыргүл айым Москвадан консерваторияны бүтүп келериң менен Сайра эже менен көзү өткөнчө чейин бирге иштешип, ал аткарган башкы ролдорду аткарып, ырдаган ырларды ырдап, таалим-тарбия алып жүрдүң. Деги эже кандай ырчы, кандай айым эле?

- Сайра эже профессионалдык опера ырчыларынын баштоочусу, негиз салуучусу эле. Эженин адамгерчилиги өтө жогору эле. Ал улууну улуудай, кичүүнү кичүүдөй урматтап сыйлоочу. Эженин колу ачык, төгүлүп чачылып жүргөн дасторкону өтө кенен, акылы терең айым эле. Мен Москвадан консерваторияны 60-жылдардын башында бүтүп келип театрда иштеп калдым. Мага Сайра эже менен Калый агай чоң жардам берди. Консерваторияда окуп жүргөндө эле композиторлор В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин “Айчүрөк” операсынын баш каарманы Айчүрөктүн арияларын жаттап даярдап келген элем. Биринчи жолу сахнага Айчүрөктүн ролун аткарып чыктым. Ошондо Сайра эже классына алып барып, отургучуна отургузуп “мына бул күзгүгө канча жыл каранып, канча жыл таранып жүрдүм. Так ушул отургучка сен отурасың, так ушул күзгүгө сен каранасың, таранасың. Менин сага берген эстафетам”,- деп элдин көзүнчө кол чаптырып, бөлмөсүнүн ачкычын тапшырган эле. Анан “Айчүрөк” операсынан Айчүрөктүн ролун аткарган эле. Мен ойлойм, Сайра эженин кийинки адисттик, мугалимдик тарбиясынын аркасында бүгүнкү күндө көптөгөн ырчылар эмгек сиңирген эл артисттеринен болушат. Алар азыркы күнгө чейин эженин ысымын өчүрбөй ырдаган ырларын ырдап даңктап келүүдө. Сайра эже менен “Манас” операсын да бирге ырдадым. Эже Каныкейди, мен Канайымды, Кыдырбек Чодронов агай Манасты аткарды. “Манас”, “Айчүрөк” опералары менен көптөгөн КМШ өлкөлөрүнө чыктык. Ошондо эже мага ыраазычылыгын айтып: “Үнүңө кубат берсин, азаматсың”,- деп айткан алкоолору азыр да кулагымда жаңырып турат. Мындай сөздөр эң бир акылман, эң бир айкөл адамдын гана оозунан чыгат. Жакшы сөз айтыш үчүн да ага акыл, эс, күч керек. Мен ойлойм Сайра эжекем менен бирге иштешип, сахнага чыкканын, ар кандай концерттерде жүргөнүн, ошолордон таалим алып, кандай басканын, кандай көз караштарын, кандай отуруп тургандарын, жада калса дасторкондо отургандары баарын мен үйрөнүүгө аракет кылаар элем. Кудай буюрса эжекемдин ордун басып, өзүнүн айткандарын аткарып келе жатам. Мен да билген билимимди шакирттериме берип кетсем деген аракеттерим бар.

“Фрунзем”


Жүрөгүмдө ардактасам кандай мен,

Так ошондой ардактуусуң шаарым сен,

Каным, жаным бир өзүңө орногон

Карааныңдан кагылайын Фрунзем.


Алтын уя Москвага ини сен,

Алатоолук кыргыз элдин үйү сен,

Ушул жыргал эркин доор тушунда,

Ырыс бакты бөлөй турган Фрунзем.


Күлүңдөгөн гүлдөй көркүңдөн,

Көргөң сайын сүйүнөмүн чексиз мен.

Өнөр, билим булагына агызган,

Ак селделүү тоо койнунан Фрунзем.


Жыттаганда моокум канчы гүлүм сен,

Таңшыганда талбай турган үнүм сен.

Таң нурундай жаркыраган заманда,

Таалайыма жаралгансың Фрунзем.

Маркум Сайра Кийизбаева кыргыздын дүйнөлүк ысымдагы улуу композиторлордун классикалык операларындагы ондогон башкы каармандардын ролдорун аткаруу, көрүүчүлөргө тартуулоо менен бирге ар кандай маңыздардагы, түрдүү аваздык боёктордогу, лирикалык, патриоттук, ырларды, романстарды да өтө чеберчиликте аткарган. Айрыкча ал А. Малдыбаевдин, М. Абдраевдин эл, жер, эмгек, махабат ж.б. темадагы ырларын кыргыздын профессионалдык ыр жанрынын алтын казынасында жашагандай устаттыкта аткарган.
XS
SM
MD
LG