Президент бүгүн 5-январдагы президенттик шайлоого талапкер болуп катталат деп күтүлүүдө. Анын маалымат катчысы Вано Нониашвилинин айтымында, кызматтан кетүү формалдуулук гана. Конституция боюнча бийлик эми парламенттин спикери Нино Буржанагзеге өтүшү керек. Анын аралыгында, оппозиция бүгүн Имеди сыналгысынын жабылышына каршы нааразылык акциясын уюштурууда.