Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

7:21 БШК отурумунда “Акжол” партиясынын тизмесин кароодо эки маселе боюнча талаш чыкты


Кечээ БШкын отурумунда “Акжол” партиясынын тизмесин кароодо - курултай бекиткен тизменин катарынын өзгөрүшү жана Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын талапкер болууга укугу барбы деген маселе боюнча талаш чыкты. Белгилүү болгондой, 10-ноябрда өткөн курултайында “Акжол” партиясы алтынчы кылып Асылбек уулу Дамирди бекиткен. Бирок БШКга берилген тизмеде анын ордуна тизменин орто ченинде турган Кубанычбек Исабеков которулган. Ушундай эле маанидеги дагы үч-төрт өзгөрүүлөр болгон. Бирок буга карабай “Акжол” партиясынын талапкерлеринин тизмеси БШКнын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушуш менен катталды. Бул жерде БШК партияларга бирдей мамиле жасабагандыгын көгөздү, деген пикрин “Демократия жана жарандык коом үчүн” Коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, курултайда бекиген тизме расмий документ болгондуктан, аны өзгөртүүгө партиянын саясий кенешинин укугу жок жана аны БШКнын каттаганы да туура эмес. Эгерде шайлоо кодексинде тизмелер боюнча берилген талаптарды бузган “Акжол” партиясы катталса, анда ушул сыяктуу кемчиликтер менен каттодон өтпөй калган партиялардын документтерин БШК кайра карап чыгышы керек, дейт Динара Ошуракунова. (MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG