Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:33

Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шариф сегиз жыл сүргүндөн кийин мекенине кайтып келди


Сауд Аравиядан Пакистандын Лахор шаарына келеринин алдында, полиция Шарифти тосуп алуу үчүн күтүп турган жүздөн ашуун колдоочуларын камакка алды. Наваз Шариф кийинки жылга белгиленген президенттик шайлоодо Первез Мушарафка атаандаш болот деп күтүлүүдө. Тарапкерлеринин алдында сүйлөгөн сөзүндө Наваз Шариф “диктатураны жок кылып, өлкөдө демократия орнотом” деп убада берди. Анын аралыгында оппозициянын дагы бир лидери Беназир Бхутто шайлоого катышуу үчүн документтерин БШКга тапшырганы маалым болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG