Ички иштер министри Болотбек Ногойбаев ушундай буйрук чыгарганын бүгүн министрликтин маалымат кызматы билдирди. Буйрукка ылайык ички иштер кызматынын күчөтүлгөн тартиптеги иши кезексиз парламенттик шайлоо аяктаганга чейин уланат, мамлекеттик кайтаруудагы обьекттерди көзөмөлдөө күчөтүлөт. Мындай чечимди министрлик шайлоо мезгилинде коомду дестабилдештирүүчү экстремисттик ар кандай аракеттерди алдын алуу максаты менен байланыштырды. (BuS)