Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:52

Жекшемби күнү грузин парламенти чукул жыйында Михаил Саакашвилинин президенттик кызматтан бошонум сураган арызын бекитти. Мамлекет башчысынын милдети парламент спикерине жүктөлдү. Парламент дагы бир токтому менен президенттик шайлоону 5-январга белгиледи. Ошол эле күнү Тбилисиде оппозиция митинг өткөрдү.

Михаил Саакашвили президенттик кызматты тапшырарын ишемби күнү жарыялаган эле. Парламенттин жекшемби күнкү жыйынында ал 26-ноябрдан тартып өлкөдө президенттик шайлоо өнөктүгү башталарын, ушуга байланыштуу анын бийлик укуктары спикер Нино Буржанадзеге өтөрүн, өзү болсо кайрадан мамлекет башчылыгына талапкер болорун билдирди.

Грузин мыйзамдары бийликте турган мамлекет башчысына шайлоо өнөктүгүнө катышканга жол бербейт. Эгер ал президенттикке кайра талапкер болгусу келсе, шайлоого кырк күн калганда кызматын өткөрүп берүүгө тийиш.

Саакашвили кызматтан кетер алдында өкмөткө жаңы тапшырмаларды берди. “Максат - элден эптеп эле мандат алуу эмес”,- деп айтты Саакашвили. Мамлекет башчысы болууну көздөгөн адам баарыдан мурда элден өлкөнүн дүйнөдөгү позициясын бекемдей турган мандат алышы керек. Ошол себептен бийлик бардык саясий күчтөргө демократиялык шарттарда шайлоого катышканга мүмкүндүк берүүгө, эл болсо алардын арасынан купулуна толгонун тандап алууга тийиш. Саакашвили шайлоо өнөктүгү маалында өлкөдө стабилдүүлүктү кымсыз кылууну өкмөттүн башкы милдети катары атады.

Саакашвили ошондой эле бардык маалымат каражаттарына тең бирдей негизде, арийне, мыйзам талаптарынын чегинде, коомдук кооп-козголоңго чакырбаган шартта беймарал иштөөгө уруксат берилерин да ырастады.

Деген менен “Имеди” телеканалын тезинен иштетүүнү талап кылып, оппозиция жекшемби күнү митинг өткөрдү. Демонстрацияга чыккандар жалпы элди бириккенге чакырышты жана эркиндик, демократия жолунан тайбай, азыркы бийликтердин саясатына каршы акыры аягына чейин күрөшө тургандыгын айтышты.

Саакашвилиден тышкары президент болууга алтыдай киши дымактанууда. Он чакты саясий партиянын улуттук кеңеши парламент депутаты Леван Гачечиладзени бириккен оппозициянын талапкери кылып көрсөткөн.
XS
SM
MD
LG