Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:25

26-ноябрда Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын шайлоо бүткөнчө кызматын токтотуп туруу өтүнүчү президент тарабынан канааттандырылды. Башмыйзамга ылайык конституциялык сот мүчөлөрү президент сунушу менен Жогорку Кеңеште бекитилип, алардын кызматтан алынышы да парламент макулдугунун негизинде жүргүзүлөт. Парламенттик шайлоого талапкер Конституциялык сот төрайымын кызматтан убактылуу четтетүү маселеси кыйладан бери козголуп келаткан.

Конституциянын 46-беренесинде мамлекет башчынын конституциялык соттун мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин шайлоосуна сунуш кылуу укугу белгиленген. Башмыйзамдын 58-беренесинде конституциялык сот мүчөлөрү президенттин сунушу менен парламент аркылуу шайланары жана алардын кызматтан бошотулары ырасталган. Конституциялык сот төрайымынын шайлоо бүткөнчө кызматын токтотуп туруусу «Акжол» партиясынын тизмеси жарыялангандан бери эле козголуп келаткан талаштуу маселе болчу.

«Акжол» партиясынын төрага орунбасары Автандил Арабаев шайлоо тизмесине кирген депутаттыкка талапкерлердин текши баары мамлекеттик кызматын тапшырып бүтө электигин, андай маалымат жакын арада такталып каларын билдирди. Анын айтуусунда, Чолпон Баекованын кызматын кантип таштап кетери «Акжол» партиясы катталып жатканда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн арасында кыйла талаш-тартыштарды жаратты.

- Кечээ Чолпон Баекова боюнча ошондой маселе коюшту. «Аны Жогорку Kеңеш дайындаган. Ошондуктан аны Жогорку Кеңеш гана кызматтан ала алат» дешти. Биз ошол маселени тактайлы деп жатабыз,- дейт А.Арабаев.

Шайлоо кодексине ылайык жооптуу ишке дайындалган мамлекеттик кызматкерлер депутаттыкка талапкер болуп катталгандан үч күн кечиктирбей ишин өткөрүп бериши керек. Конституциялык соттун судьясы Жумакадыр Тагайбаев конституциялык соттун шайланган мүчөсү ишин убактылуу токтотуп, шайлоо өнөктүгүнө катышууга укуктуу экенин айтты.

- Ал эгер таптакыр иштен бошотулуп же ишке жаңыдан дайындалып жатса, аны албетте, Жогорку Кеңеш чечет. Бул жерде кеп кызматты токтото туруу жөнүндө болуп жатпайбы. Менин оюмча, шайланган адамдар бар эмеспи, мисалы, судьялар, алар шайланышат. Алар депутаттыкка талапкер болушса, алардын иши убактылуу токтотулат. Эгер депутаттыкка өтпөй, кайра келсе мурунку сот кызматын улантып иштей берет.

Ж.Тагайбаевдин ырасташынча, Конституциялык соттун судьялары, төрайымы, орунбасарлары бирдей мөөнөткө шайланышкан. Ч.Баекованын кызматтык ыйгарым мөөнөтү эмдиги жылдын май айында аягына чыгат.

Президенттик акимчиликтин укуктук саясат бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпиев соттордун укук-милдеттерин аныктаган мыйзамга ылайык Конституциялык сот төрайымы кызматын убактылуу токтотуу тууралуу өтүнүч менен президентке кайрылганын ырастап, мамлекет башчы арызды канааттандырганын билдирди. Парламент шайлоого катышчу соттордун ишин убактылуу токтото туруу жөрөлгөсү, Б.Зулпиевдин ырасташынча, буга чейин деле болуп келген.

- Мисалы, мурдагы шайлоодо Конституциялык соттун судьясы М.Кайыпов, К.Oсмонов шайлоого барган. Жергиликтүү соттун судьясы Жаңыл Мамбетаалы шайлоого барган. Ошолордун бардыгы кызматын токтотуп туруп шайлоого катышкан. Анан шайланып келгенден кийин, бул өзү кепилдик берүү да, ошондон соң гана кызматынан бошотулат.

Шайлоо алдында мыйзамга байланышкан суроолор көбөйө берери турулуу иш. Конституциялык соттун мүчөсү Жумакадыр Тагайбаев турмушутук толгон-токой суроолордун баары мыйзамда камтылган эмес, дейт.

- Мына эми шайлоого карата күтүлбөгөн суроолор чыгып жатпайбы. Анын баары, тилекке каршы, мыйзамдарда көрсөтүлгөн эмес.

26-ноябрда парламент шайлоо үгүтүнө жол ачылды. Жүздөн ашуун партиялардын теңине жакыны парламент шайлоого катышуу ниетин билдирген эле. Алардын арасынан иргелип отуруп, чоң таймашка 12 партия гана катышуу укугун алды. Алардын алдында 5%, ага кошумча жарым пайыз тоскоолдуктары туру. 90 депутаттык орун талаш ошентип башталды.
XS
SM
MD
LG