Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

БШК 12 саясий партиянын талапкерлерин каттады. Калган 10 партия катталган жок. Алардын ичинен “Жаңы мезгил” саясий партиясы шайлоого катышуудан өзү баш тартты. Каттоодон өтпөй калган айрым партиялардын лидерлери БШК чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен бүгүн сотко кайрылышты. Алар партиялык тизмелерди каттоо жараянында БШК өзү мыйзам бузууга барып, калыстык кылган жок деп айыпташууда. Ошол эле учурда БШКнын айрым мүчөлөрү булардын дооматын мойнуна алышууда.

БШК парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмелерди каттоодо бир жактуу саясат жүргүздү, мыйзамды сактабай, ар кайсы партияга ар түрдүү мамиле жасады деген дооматтар каттоо жараяны башталганда эле айтыла баштаган. Минтип доомат койгон бир нече саясий партиялар: “Таза коом”, “Кыргызстан Коммунисттери”, “Мекен (Родина)” жана “Замандаш” партиялары БШК чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен бүгүн сотко кайрылышты. Каттоодон өтпөй калган айрым партия лидерлери БШК чечимин саясий чечим, шайлоо комиссиясы кайсы бир саясий партиялардын кызыкчылыгы үчүн кимдир-бирөөнүн буйругун аткарып жатат, деген пикирлерин айтышууда.

23-ноябрь күнү каттоодон өтпөй калган “Таза коом” саясий партиясынын лидери Абдыганы Эркебаев партиянын тизмеси кодекске ылайык түзүлгөн, бирок БШК атайын саясий чечим чыгарды деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- Бул жерде эч кандай мыйзам жолу эмес, укук жолу эмес, саясий кызыкчылык, саясий эсеп-кысап үчүн ушундай чечим кабыл алынып отурат.

Каттоодон өтпөй калган партиялардын бири –“Мекен” партиясынын лидерлери БШК кайсы бир саясий партиялардын кызыкчылыгы үчүн Акүйдүн буйругун аткарды деп эсептешет. Партия лидерлеринин бири, ЖК экс-депутаты Кадыржан Батыров бир партиянын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик машина иштеп жатат деген пикирде:

- Бизди бир-эки жолу Акүйгө чакырып, “Ак жолго” кошулгула деген сунушун айтышкан. Бирок биз аларга айттык: төрт-беш өзбек “Ак жолго” кошулса эле бүтүн эл алардын артынан барат деген туура эмес, деп түшүндүрдүк. Бирок болбой эле алар БШКга басым жасап туруп алышты. Азыр бир партиянын кызыкчылыгы үчүн бүтүндөй бир мамлекеттик механизм иштеп атат.

БШК мүчөсү Абдыжапар Бегматов болсо бардыгы мыйзам чегинде болгондугун, “Мекен” партиясы сунуштаган тизмедеги он алты кишинин жарандыгы аныкталбагандыктан жана тизмедеги он эки жарандын талапкерликтен баш тарткандыгынан улам партия катталбагандыгын айтат:

- Эгерде алардын баарынын жарандыгы такталса да, жазуу жүзүндө шайлоого катышуудан баш тарткан жарандардын кайрылуусун эске албай кое албайт элек. Биз аларды партиялык тизменин катарынан чыгарып коюушубуз керек эле. Ошондуктан, бул жерде мыйзам бузуу болду же кайсы бир жоболорду биз аттап кеттик деп ойлобойм.

Ошентсе да партиялык тизмени каттоодо БШК калыс болбой жатат деген дооматтарды БШКнын айрым мүчөлөрү мойнуна алышууда. 25-ноябрь күнү комиссиянын бир мүчөсү Акылбек Сариев “Ак жол” партиясынын тизмесин каттоо учурунда жыйынды таштап чыгып кеткен. Ал партия тарабынан БШКга берилген тизме менен курултайда бекитилген тизменин эки башка болуп чыккандыгын жана партиялык тизмени жетектеп шайлоого бара жаткан талапкер –Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын мыйзам боюнча депутат боло албай тургандыгын белгилеп, бул партиянын тизмесин каттоого караманча-каршы турган. Анын пикирин комиссиянын мүчөлөрү Жаркын Бапанова менен Жеңишбек Акматов да кубаттаган. БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев өзүнүн бул кадамын “Азаттыкка” төмөнкүдөй чечмелеп берди:

- Каттоо жараянында көп мыйзам бузуулар болду. БШК айрым бир партиялардын кемчиликтерине көз жуумп, айрымдарын одоно мүчүлүштүк катары эсептеп атты. Ошондуктан, мен жыйынды таштап чыгып кеттим.

Каттоо учурунда жыйынга катышып жаткан партиянын мүчөсү Автандил Арабаев “Ак жол” партиясынын тизмеси курултайдын чечимине ылайык, саясий кеңештин чечими менен өзгөргөндүгүн билдирген эле:

- Курултай партиянын саясий кеңешине тизмени өзгөртүүгө укук берген чечим чыгарган. Ошол чечим боюнча биз беш кишини шайланууга укугу жоктугуна жана өздөрүнүн каалоосу байланыштуу парттизмеден чыгарып, алардын ордун жаңы кишилер менен толуктадык. Партиянын саясий кеңеши – курултайлар арасында эң жогорку орган болуп саналат, ошондуктан укугу бар мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө.

Партиялык тизмелерди каттоого алууда БШКнын мүчөлөрүнүн пикирлери бөлүнүп, айрым мүчөлөр БШК “Ак жол” партиясынын кызыкчылыгы үчүн кээ бир кемчиликтерге көз жуумп, өтө эле ийкемдүү иштеп жаткандыгын да билдирип жатышат. Комиссия мүчөсү Жеңишбек Акматов каттоо жараянын “Ак жол” партиясына тууралап өткөрүү керек эле деген сөзүн БШК жыйынында ачык айтты:

- Мен айткам буга чейин эле: эң биринчи “Ак жолдун” тизмесин карап, калган партиялардын баарын ошого карап, карайлы деп. Баекова азыр кызматтан алынбаса, кийин алып салса болот деп атасыңар. Эмне үчүн мындай уруксат башка партияларга берилбейт? “Ак жол” тизмесин өзгөртүп келсе болот экен. Мыйзамда жашыруун добуш менен тандалат талапкерлер деп жазылып турат. Эгер талапкер тандоону саясий кеңеш чечип кое турган болсо, анда курултайдын, жашыруун добуш берүүнүн эмне кереги бар? Баардык укукту саясий кеңештерге берели. Бардык партияларга бирдей мамиле кылалы. Бир партияга келгенде бирди сүйлөп, экинчи бир партияга келгенде башканы сүйлөбөй, бардык жерде өз позицияңарды кармасаңар, урматтуу кесиптештер,

Партиялык тизмелерди каттоодон өткөрбөө тууралуу БШК чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган партиялардын доо арыздары шайлоо кодекси боюнча эки күндүн ичинде каралууга тийиш.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG