Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

«АТА МЕКЕН» ШАЙЛОО БЮЛЛЕТЕНИНДЕ БИРИНЧИ САПТА ТУРАТ


Оппозициялык «Ата Мекен» партиясы 16-декабрга белгиленген парламенттик шайлоодо добуш берүү бюллетениндеги тизмеде биринчи орунда турмакчы. Партиялардын бюллетендеги жайгашуу катары бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясында партия өкүлдөрүнүн чүчү кулак кармоосу менен аныкталды. Ага ылайык, бийликтин «Ак жол» партиясы шайлоого катышууга укук алган он эки партиянын арасынан он биринчи сапка туш келди.

Мындай чүчү кулак өткөрүү боюнча жобону Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн эртең мененки жыйынында бекиткен. Бул маселени кароодо БШК мүчөлөрү эки ача пикирде болушуп, айрымдары чүчү кулак өткөрүүнү эки-үч күнгө жылдыра туруу сунушун айтышты. Алар аны БШК шайлоого катышууга каттабай койгон 10 партиянын айрымдары сотко кайрылып жаткандыгына негиздешип, сот чечимин күтө турууну сунушташты. Мындай пикирдеги мүчөлөрдүн бири Жылдыз Жолдошева болду:

- Эки күн ичинде сот карап, эгер маселени алардын пайдасына чечсе чүчү кулакка ошол партиялар да катышып калса жакшы болмок. Себеби кайсы партия канчанчы орунда тураары белгилүү болуп, үгүт жүргүзүүгө аларга да ыңгайлуу болот эле…

Бирок талкуу учурунда мындай сунуш колдоо таппай, эгер сот маселени алардын пайдасына чечсе, кайра чүчү кулак өткөрүп, алар бюллетенге азыр катталган 12 партиядан кийин кире берет деген пикирлер басымдуулук кылды. Сот чечимин күтүүтүнү туура көрбөгөн мүчөлөрдүн бири Жеңиш Акматов минтип калган партиялардын жолун тоспойш керек деген пикирде:

- Үгүт иштери расмий түрдө башталды, ошон үчүн катталбай калган партиялар качан соттон жеңип келет деп, катталган партиялардын колу-бутун байлоону туура көрбөйм. Ошондуктан алардын бюллетендеги катарын тезирээк тактап бергенибиз туура.

Ошентип, талашып-тартышуудан соң партияларга бюллетенден катар номер берүү жана мамлекеттик маалымат каражаттарынан үгүт иштери үчүн кезегин аныктоо боюнча чүчү кулакты бүгүн түштөн кийинки саат төрттө өткөрүү чечими кабыл алынды. БШК мүчөсү Абдыжапар Бегматов болсо «мындай чечим ириде партиялардын кызыкчылыгы үчүн, аларга үгүт үчүн убакыт көбүрөөк болсун деген ниетте кабыл алынды» дейт.

Ошентип шайлоого катышууга укук алган 12 партиянын өкүлдөрү бүгүн түштөн кийин чүчү кулак кармоо менен добуш берүү бюллетенине жайгашуу катарын аныкташты. Ага ылайык, бюллетендеги тизмеде биринчи болуп, «Ата Мекен», андан кийин «Эркиндик», «Жаңы күч», «Туран», «Ар намыс» партиялары жайгаша турган болду. Бийликтин «Ак жол» партиясы он биринчи сапка, Коммунисттер партиясы акыркы, он экинчи сапка туш келди.

Партиялар эртең ушундай эле чүчү кулак жолу менен мамлекеттик маалымат каражаттарына чыгуу кезегин аныкташмакчы. БШК мүчөсү Абдыжапар Бегматовдун айтымында, мамлекеттик каналдардан үгүт үчүн берилчү акысыз убакыт бардык партияларга бирдей бөлүнөт.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG