Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

ӨЗБЕКСТАН ГАЗДЫ КЫМБАТТАТАТ


Өткөн бейшемби күнү Ысыката районунун аймагынан Кант шаарына чукул Кыргызстан-Казакстан газ магистралдык түтүктөн өрт чыгып, бир суткага жакын күйгөн өрттү өчүрүү үчүн канча каражат сарпталганы такталууда. Бул кырсыктын айынан Кант цемент-шыйпыр комбинатынын, Техналин цемент заводунун ишинин жана Токмоктогу айнек заводунун иштерин убактылуу токтоого туура келип, алар дагы чыгашага кириптер болушкан. Өлкөдөгү газ түтүктөрүнүн ал- абалы начар, дагы кооптондурган аймактар арбын.

Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча өрт магистралдык түтүктөн чыккандыктан, аны өчүрүү үчүн газды баш жагынан бууп, убактылуу токтотууга туура келген. Өрт чыккан газ түтүгүн оңдоо иштерин "КыргызГаз" жана "Кырказгаз" ишканалары биргелешип жүргүзүп, 25- ноябрдан баштап кайрадан газ бериле баштады.

“КырКазГаз” биргелешкен ишканасынын жетекчиси Кубан Жусуповдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, өрттүн чыгышына газ түтүктөрүнүн эскилиги себеп болгон. Бул кырсыктын айынан өндүрүш ишине канча чыгым болгону азырынча белгисиз, учурда такталып жатат.

- Өрт 22- ноябрда башталып толук бир суткага созулган. Анын кесепетинен Канттагы цемент-шыйпыр комбинатына, Техналин цемент заводуна жана Токмоктогу «Интерглаз» айнек заводуна бөлүнгөн газдын өлчөмү азайтылып, бул ишканалар олуттуу чыгымга учурады. Бишкек-Кант газ түтүгүнүн 9 чакырым жери кайрадан жаңыртылганы турат. Талас аймагында дагы ремонт иштери соңуна чыкты.

Чүй облустук газ башкармачысынын башчысы Канат Исаевдин айтымында өрт бир суткада араң өчүрүлдү. Бул негизинен Кыргызстан менен Казакстан биргелешип түзгөн ишканага караштуу, бирок оңдоп-түзөө иштерин жалпысынан Кыргызстан тарап жүргүздү.

- Кыргызстанда табыгый газ болбогондуктан Өзбекстанга көз каранды болуп келүүдө. Газ түтүктөрүнүн дагы пайдалануу мөөнөтү эбак бүткөн. Биргелешкен ишканалар газдын пайдасын көрүп жатышат. Ал эми элдин төлөө жөндөмү, чама- чаркы жыл сайын төмөндөп баратат. Ошондуктан газды кымбат дешип, отун-көмүргө, электр энергиясына өтүп жатышат. Себеби электр энергиясын уурдоо оңой болууда.

«Кыргызгаз» ачык акционердик коомунун башкы директору Саламат Айтикеевдин “Азаттыкка” берген маалыматына караганда, келээрки 2008-жылга өлкө 850 миллион кубометр газ чыгымдайт.

Мурдакы жылы Өзбекстан газдын кубометрин 55 доллардан берсе, быйыл 100 доллардан келишим түзгөн. Адистердин айтымында келээрки жылы Ташкент тарап дагы газдын баасын кымбаттатууну көздөп, бул боюнча эки тарпатуу макулдашуулар, сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

- Газ түтүктөрүнүн пайдалануу мөөнөтү 25-30 жылды түзсө өлкөнүн жаратылыш жагдайына байланыштуу айрым аймактарда 20-25 жылда эле керектен чыгып алмаштырууга туура келүүдө. Айрыкча саз, нымдуу аймактарда газ түтүктөрү 15-20 жылга жетпей эле иштен чыгып калат. Кыргызстандын түштүк аймагындагы газ түтүктөрү 1960- жылдары салынса, түндүк аймагында 1970-жылдары газ түтуктөрү пайдаланууга берилген. Дээрлик бардык газ түтүктөрүнүн пайдалануу мөөнөтү бүткөн. Баарын дароо алмаштырууга да мүмкүн эмес. Четинен керектен чыккан бөлүктөрүн алыбызга жараша жаңыртып жатабыз. Кыргызстандын аймагынан транзит болуп өткөн Алматы-Ташкент газ магистриалынын төрт дарыядан өткөн аймагын коопсуз кылууга аракет кылдык. Себеби, жазында сел жүрүү коркунучу кооптондуруп келген. Ошондуктан дарыялардан өткөн газ түтүктөрүн оңдоп түздөп койдук. Кыргызстандагы газ түтүктөрүн кайра жаңыртуу үчүн инвестиция керек,- деди Саламат Айтикеев.

Ал эми калктын жана жергиликтүү ишкана- мекемелердин “Кыргызгаз” ачык акционердик коомуна учурдагы карызы 300 миллион сомдон ашык. Мамлекеттик мекемелер, ооруканалардын карызы жылдан жылга көбөйүп баратат.

Айрым атуулдар газ коопсуздугун эске албай, улуксааты жок өзүм билемдик менен газ түтүктөрүнө кошуп, айыпка жыгылып, кооптуу жагдайларды жараткандар да бар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG